Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Украиндер Херсонду бошотууда, Лисичанскиде кармаш уланууда


Украинанын куралдуу күчтөрү. Украина, Донецк облусу.
Украинанын куралдуу күчтөрү. Украина, Донецк облусу.

Украинанын куралдуу күчтөрү соңку кармаштарда Херсон жана Запорожье облустарындагы орус аскерлери басып алган айрым жерлерди бошотту. Орусиянын бийлиги бул аймактарда өз паспортун тарата баштаган эле.

Ошол эле маалда Москва дагы Донбасска басымын улантууда. Согуштун фонунда Украинанын Евробиримдикке талапкерлигине байланыштуу иштер алдыга жылганы маалым болду.

Майдандан кабар

Украин президенти Владимир Зеленский жаңы видео кайрылуусунда адаттагыдай эле майдандагы жана саясий мейкиндиктеги соңку өзгөрүүлөрдү маалымдады. Ал белгилегендей, украин күчтөрү бир нече тилкелерде орус аскерлерин артка сүрдү, бирок айрым шаарларда кармаш уланып жатат.

“Украин жоокерлери Херсон облусундагы жерлерди акырындан бошотуп жатат. Кайра кайтарылган калктуу пункттардын катарына бүгүн эле Таврическое айылы кошулду. Запорожье облусунда да бир топ жылыштар бар. Северодонецк шаарынын көчөлөрүндө айыгышкан кармаш уланууда. Мен биздин бардык коргоочу жигиттерибиз жана айымдарыбыз менен сыймыктанам. Алар баскынчылардын жүрүшүн токтото алды жана биздин коргонуубузду бекемдеп коюшту. Орусия Донбассты майдын башында басып алууну көздөгөнү эсиңердеби?" - деди Зеленский. Ал согуштун 108-күнүндө Донбасста кырдаал курч экенин, "орус армиясы ушул күнгө чейин жалпы жонунан 32 миңдей аскерин жоготконун" - деп кошумчалады.

Мунун алдында Украинанын Запорожье облусунун жана Херсон шаарынын оккупацияланган аймактарында жарандарга 11-июндан тарта орус паспорту бериле баштаган. Бул тууралуу Кремл дайындаган жергиликтүү администрациялардын "жаңы жетекчилери" билдирген.

Орус армиясы кайсы аймактарда алдыга жылып, ал эми кайсы жерде артка тартып жатканы ачык айтылбайт. Бирок Москва расмий маалыматтарда бардык багыттар боюнча эле чабуул уланып жатканын билдирүүдө.

Ушул убакка чейин орус аскерлери Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Херсон, Запорожье, Харьков облустарынын айрым аймактарын ээлеп алган. Катуу чабуул Донецк менен Луганск аймактарында, анын ичинде өзгөчө Северодонецк жана Лисичанск шаарында жүрүүдө.

Бул Орусия "көз карандысыз" деп тааныган облустардагы жикчил “республикалардын” администрациялык чек араларына чейин жетүү максатын түшүндүрөт. Эксперттер белгилегендей, Москва Киевге жете албагандан кийин аталган аймактарды ээлөө максатын койгон.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков жекшембидеги билдирүүсүндө соңку 24 сааттагы чабуулдун жыйынтыгын жарыялады:

“Соңку суткада ракеталык жана артиллериялык күчтөр Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери жана аскердик техникалары жыйналган 248 түйүнүн, 21 башкаруу түйүнүн жана 27 ок атуучу позициясын талкалады. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 320дан ашык аскери, беш курал-жарак жана күйүүчү май кампасы жок кылынды”.

Украин президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович согуш башталгандан бери 10 миңге жакын украин жоокери курман болгонун 11-июнда айткан.

Ошол эле маалда Киевдин эсебинде Орусиянын 32 миң аскери жок кылынган. Украин бийликтери буга чейин ырастагандай, мында өлгөндөр, жараат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналат. Москва өз жоготуулары тууралуу маалымат бербейт, Орусияда ал купуя сырга айланган.

Президент Владимир Путиндин буйругу менен орус армиясы Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери 7 миллиондон ашуун жайкын тургун Украинаны таштап чыгып кетти.

Украина жана Евробиримдик

11-июнда Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевге барды. Ал президент Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинанын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүн, согуштан кийинки мамлекетти калыбына келтирүү жолдорун талкуулады.

Зеленский Брюсселден келген жогорку жогорку даражалуу конок менен жолугушкан соң Украина жакын арада талапкер макамын алат деген ишенимин билдирди:

“Бүгүн ири дипломатиялык марафондун жыйынтыктоочу этабы башталды, ал бир жарым аптадан кийин бүтөт. Бул марафондо биз Европа Биримдиги менен биргебиз - биз бир командабыз жана бул команда жеңишти көздөйт. Биз жакын арада Украинанын талапкер макамы тууралуу жооп алабыз деп ишенем. Мындай чечим биздин мамлекетти эле эмес, бүткүл Евробиримдикти бекемдейт”, - деди Зеленский.

Урсула фон дер Ляйен менен Владимир Зеленский. 11-июнь, 2022-жыл.
Урсула фон дер Ляйен менен Владимир Зеленский. 11-июнь, 2022-жыл.

28-февралда президент Зеленский өз өлкөсүнүн Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына кол койгон. Премьер-министр Денис Шмыгал Украина “уюмга атайын тартип менен шашылыш кирерин” айткан эле. 2-мартта Европарламент Украинага шаркетке кирүүгө талапкер деген макам берген.

Бирок биримдиктеги айрым мамлекеттер Украинаны кошууга макул эмес. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, буга биринчи кезекте Дания менен Нидерланд каршы чыкты. Германия болсо Украинага "шарттуу талапкер" макамын бере турууну сунуштаган.

Дания Украина европалык баалуулуктарга, анын ичинде мамлекеттик институттардын туруктуулугу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын, азчылыктарды коргоо сыяктуу талаптарга толук жооп бербей турганын билдирген. Копенгаген Киевге “мыйзамдык жана институционалдык базасын оңдоону” сунуштаган.

Киевдеги билдирүүсүндө Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен да Украинанын кабыл алуу татаал болорун эскертти:

“Бүгүнкү талкуулар биздин баалообузду келерки аптанын соңуна чейин бүтүргөнгө жардам берет. Сиздер мыйзамдуулукту бекемдөө үчүн абдан чоң нерселерди жасадыңыздар. Бирок баары бир, маселен коррупция менен күрөшүүдө реформаларды жүргүзүүгө туура келет”, - деди.

Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина биримдикке шашылыш кошулбай турганын жарыялаган. Ал ушул убакка чейин кезекте турган алты өлкө талапкер макамын албай туруп, Украинага секирип кетүүнү калыстык деп санабайт. Евробиримдиктеги өлкөлөр бул маселени ушул ай аягына чейин карап, чечим кабыл алышы керек.

Курамына 27 мамлекет кирген Европа Биримдигинин лидерлери былтыр октябрда Словениядагы саммитте Батыш Балкандагы алты талапкер мамлекетке так мөөнөт койгон эмес. Алар бул өлкөлөрдү кабыл алууга кызыкдар экенин гана билдирүү менен чектелишкен. Муну уюмга талапкер мамлекеттер – Албания, Босния, Сербия, Монтенегро, Түндүк Македония жана Косово терс кабылдаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG