Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

"Орусия Донбасска көңүл бурса, украин армиясы Крымга карай жылды"


Украинанын Луганск облусу атайын сызык менен Северодонецк шаары кызыл чекит менен белгиленген. Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.
Украинанын Луганск облусу атайын сызык менен Северодонецк шаары кызыл чекит менен белгиленген. Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.

Украиналык аскер эксперти Михаил Самусь орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу операциялары Херсон облусунда башталганын жана Харьков облусунда уланып жатканын ырастады. Луганск жана Донецк аймактарындагы кармаштар токтогон жок.

Украиналык аскер эксперти “Настоящее Время” телеканалынын кабарчыларына маек куруп, Орусия Донбасс аймагын алууга күч үрөп жатса, Украина башка аймактарды бошотуу максатында каршы чабуулга өткөнүн айтты.

- Сиз менен Донбасстан башка аймактардагы согуштук аракеттердин картасына чогуу көз жүгүртөлү. Менин түшүнүгүмдө азыр эки фронт бар: Луганск менен Донецк облустарында, өзгөчө алардын административдик чек араларында жана Украинанын түштүгүндө, Херсон облусунда. Туура эле түшүнүп турамбы?

Михаил Самусь
Михаил Самусь

- Жалпы жонунан, ооба. Бирок эгер согуш кайсы жерде жүрүп жатканын айтыш керек болсо, анда согуш Украинанын бардык аймагында жүрүүдө. Өлкөнүн дээрлик бардык региондоруна ракеталык соккулар урулуп жатат. Ошондуктан, эки эле фронт бар деп айтпайт элем. Ар кандай жагдайга ээ өз-өзүнчө тилкелери, багыттары бар жалгыз чоң фронт бар. Аны эки фронт дегенге болбойт.

- Мен көбүнчө украин армиясы менен Орусия күчтөрүнүн бетме-бет кагылышып жаткан жерлерди айткым келген. Айталы, түштүк тараптагы Херсон облусунда Украин бийлиги эмне үчүн фронт ачты? Анткени украин армиясына ал жактан чабуул койгонго оң болуп жатабы, же бул Орусиянын армиясын чыгыштан алагды кылуу ыкмасыбы?

- Украинанын армиясы фронтторду ачкан жок. Украина өзүнүн жерин бошотуп жатат. Ошондуктан эмне үчүн ушундай болуп жатат деген суроонун жообу түшүнүктүү эле го дейм. Украина өзүнүн бардык аймагын бошотуп, суверенитетин калыбына келтирип, ал тургай Крым менен Донбассты дагы кайтарып алышы шарт.

- Мен болгону бул эмне үчүн азыр жүрүп жатканын түшүнгүм келет. Башкача айтканда, Донбасста өтө айыгышкан кармаш болуп, аймактарды жоготуп алуу коркунучу турат. Луганск облусу толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтүп кетиши ыктымал. Бирок Украина так ошол маалда түштүк жакта контрчабуул баштоо менен алек. Эмне үчүн ошол жакта өз аймактарын кайтарууга басып жасалып жатат деп сурагым келди?

- Себеби украин командачылыгы кырдаалга стратегиялык жактан карап жатат. Эгер биз өзүбүздүн жерибизди бошотууну, же контрчабуулдук жана сүрүп чыгаруу операцияларын баштайбыз десек, анда аларды сөзсүз түрдө катуу кармаш жүрүп жаткан жерлерде өткөрүүнүн кереги жок.

Тескерисинче, бул аракеттер бизге салыштырмалуу оңтойлуу болуп жаткан тилкелерде жүргөнү туура. Биздеги маалыматтарга ылайык, Орусия саясий тапшырманы аткаруу үчүн аскерлерин чындап эле Северодонецк жакка гана топтоп жатканын көрүп жатабыз. Аскердик тапшырмалар ал жакта өтө эле аз. Керек болсо украин армиясы Северодонецктен толук чегинип берди деп элестеткенибизде дагы бул Орусиянын тактикалык абалына эч кандай оң таасир этпейт. Балким, алар үчүн кайра абал оорлоп кетет деп да айтар элем. Анткени ал жакта өзүнүн географиялык өзгөчөлүктөрү бар.

Ошондуктан Украина азыр Херсон облусунда, ошондой эле Харьков облусунда операцияларын баштаганы бул так ошол удулу келип турган жагдайлардан улам. Орусиянын Донбасска гана көңүл буруп жатканынын жыйынтыгы. Бул тушта Украина өзүнүн аймактарын бошотуу операцияларын жүрүзүүдө.

- Сиз Орусиянын Донбасста аскердик тапшырмалары өтө эле аз деп айттыңыз. Бул Америкадагы согушту изилдөө институтунун “Северодонецкти басып алуу – бул идеологиялык гана максатты көздөйт, ал Орусиянын саясий жеңиши” деп айтканына окшошуп жатат.

- Саясий жеңиш эмес, саясий тапшырмалар. Ал жакта эч кандай жеңиш болбойт.

- Эгер так ошол саясий тапшырмалардын, саясий милдеттердин көз карашынан карасак, алар кандай? Алар өтө эле аз экенин белгилеп өттүңүз. Мүмкүн баары бир ал жерде кандайдыр бир географиялык артыкчылыктары бардыр?

- Тескерисинче, мен дагы бир жолу кайталайм, эгер украин аскерлери Северодонецк шаарынан толук чыгып кетсе, алар өздөрүнүн негизги тактикалык абалын чыңдап алмак. Бирок украин аскерлери Северодонецкте коргонуу аракеттерин улантышат. Анткени башка милдет бар – бул убакыттан утуу.

Себеби буга тушташ дагы бир милдет – украин армиясын батыштын алдыңкы куралдары менен камсыздоо аткарылып жатканын унутпайлы. Ал аракеттер али бүтө элек. Ошондуктан ар бир күн – бул куралдуу күчтөрдү жаңы системалар менен, анын ичинде узак аралыкка жогорку тактыктагы реактивдүү артиллерия менен толуктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү утуу болуп саналат. Бул контрчабуулдук пландардын бардык аракеттерин даярдоодо учурда абдан маанилүү.

-Мен түшүнгөнүмдөй, Украина ал жаңы куралдарды ушул тапта колдонуп жатабы? Же дагы жаңы келе тургандарын күтүп жатабы?

- Азыр узакка атылган артиллерия келди. Бирок көптөн бери айтылып келген M270 MLRS жана M142 HIMARS деп аталган жапырт аткылоочу реактивдүү системалар али келе элек. Биз каршылаштардын тереңине чейин таасир этүү үчүн аларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул куралдар орусиялык армиянын арт жагында турган коргонуусун, башкаруу системаларын, логистикалык системаларын, маселен, 100 чакырымдай аралыктан жогорку тактыкта жок кылууга жардам берет.

Менин оюмча, бизге келе турган жаңы системалар орус аскерлери үчүн кайсы бир деңгээлде "сюрприз" болуш керек. Алар өзүнүн кыйла арт жагындагы командалык түйүндөрү, ок-дары кампалары, башкаруу системалары талкаланганын көрүп, олтуруп калышат.

- Крым жөнүндө да сүйлөшкүм келип турат. Ушул күндөрү кызыктуу билдирүүлөр болуп жатты, бир эмес бир нече жолу айтылды окшойт. Анын ичинде Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын башчысы Буданов дагы жыл соңуна чейин украин армиясы аннексияланган Крымдын административдик чек арасына чейин чыга аларын айтты. Бул саясий билдирүүбү? Аскердик көз караштан карасак, буга мүмкүнбү?

- Менин оюмча, бул андан да эртерээк аткарылышы мүмкүн. Эгер сиз азыр контрчабуулдар өтүп жаткан жерлердин картасын карасаңыз, ал кыйла тез жүрүп жатканын байкай аласыз. Сиз айтып жаткан жактарда контрчабуулдар башталган. Ал жерде административдик чек арага чейинки аралыктар жүз чакырымга да жетпейт.

- Муну ишке ашырууга өздүк курам жана курал жетиштүүбү? Же ал багыттарда так ошол Батыштын кеп болуп жаткан куралдары колдонулабы?

- Украин армиясы аскерлеринин өздүк курамы кырылгыдай абалда согушуп жаткан жок. Ошондуктан бардык контрчабуулдарда жана сүрүп чыгаруу операцияларында башкысы – күчтөрдү туура эсептөө, туура колдонуу жана туура чечимдерди кабыл алуу бар. Башкача айтканда, орусиялык аскерлердин көпчүлүк бөлүгү Донбасска гана басым жасап жатса, украин армиясы Херсон тарапта артиллериялык соккуларды ийгиликтүү аткарууда. Мунун өзүнүн тактикалык себептери бар.

Ошондуктан ушул багыттарда Украинанын контрчабуулдук аракеттери ийгиликтүү өнүгөт деп ойлойм. Ал канчалык аткарылат көрөбүз. Кантсе да, ар кандай нерселерди болжой беришибиз мүмкүн, бирок көп нерсе согуш талаасында гана чечилет. Бирок Крымдын административдик чек арасына чыгуу тууралуу айтсам, ал баары бир жылдын соңуна чейин эмес, андан эрте ишке ашат.

-Сиз бул канча мөөнөт экенин болжой аласызбы? Балким, жарым жыл, же сегиз айга чейин созулабы?

- Негизи аскердик өнөрдө убакыт деген түшүнүк салыштырмалуу гана каралат. Айталы, бир операция бар, ал операцияга тапшырмалар коюлат. Алар ар дайым графикке дал келбей калат. Маселен, Путин Киевде үч күндө алгысы келген, бирок бир нерселер ал каалагандай кеткен жок.

Мен кайсы бир убактылуу параметрлер жөнүндө айткым келбейт, анткени бул жерде баары бир тапшырмалардын ийгиликтүү аткарылышы жөнүндө сөз болуп жатат. Менимче, ошол нерселер жетиштүү болот. Ал качан аткарылат, дүйшөмбүдөбү, же бейшембидеби маанилүү эмес. Эң маанилүүсү - анын баары аткарылгандыгында.

Маекти Эрнист Нурматов кыргызчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG