Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Путин өзүн Петр Биринчиге теңеди


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Путин өзүн Петр Биринчиге салыштырып, бир кезде Орусияга караштуу аймактарды кайтарып, бекемдөө ага тагылган тарыхый миссия экенин билдирди. Украинанын Северодонецк шаары үчүн кармаш уланууда. Киев майданда күнүнө 100-200 аскеринен айырылып жатканын кабарлады.

Москвада Петр Биринчинин 350 жылдыгына арналган мааракеде орус президенти Владимир Путин анын тарыхый милдети - бир кезде Орусияга караштуу аймактарды кайтарып, бекемдөө экенин айтты.

"Улуу Петр жаңы баш калааны негиздегенде европалык мамлекеттер ал аймакты орустардыкы деп тааныган эмес. Аны Швециянын аймагы дешкен. Ал жакта эзелтеден славяндар фин-угор эли менен чогуу жашап, ал аймак Орусия мамлекетинин көзөмөлүндө болчу",-деди Путин.

24-февралда Путин согуш жарыялаганда "Украинанын аймактарын өзүнө каратып алуу планы" жоктугун айткан. Анткен менен ушул тапта орус армиясы басып алган Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу жөнүндө референдум өткөрүү тууралуу сунуштар да айтылууда.

Путин өзүн Петр Биринчиге теңегенин "акылга сыйгыс" деп санагандар да арбын. Алардын бири тарыхчы Андрей Зубов мындай пикирин "Настоящее время" каналына курган маегинде билдирди.

"Бир кезде бөлүнгөн аймактарды кайтарып, бекемдөө согуштарга алып келди. Бул Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуш. Анда жүз миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. Мыйыгынан күлүп, ыкшыйып дагы эле ошондой кылабыз дегени - бул акылга сыйгыс. Бул толугу менен саясий шоу".

XXI кылымда, ушунча эл аралык келишимдер кабыл алынган заманда Путиндин мындай сөздөрдү айтышы Орусия үчүн катастрофа деди Зубов.

"Эгер мында саясат улана берсе, Орусия чындап эле жок болот"-дейт тарыхчы.

Северодонецкиде кырдаал кыйла оор

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 9-июнда калаада кырдаал кыйла оор экенин, Орусия ал жакка болгон күчүн салганын айтты. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, учурда калаанын үчтөн бир бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүндө. Калаада суу жок, гуманитардык кризис курч.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье облусунун түштүк-чыгышында украин армиясы орустардын чабуулуна туруштук берип, кайсы бир аймактарды бошотушканын маалымдады.

Анткен менен анын жардамчысы Михаил Подоляк Орусиянын оор артиллериясынан улам, Украина майданда күнүгө 100дөн 200гө чейин аскерин жоготуп атканын Би-Би-Сиге берген комментарийинде айтты. Анын эсебинде, Донбасстагы кармашта орус армиясына туруштук берүү үчүн Киев жүздөгөн артиллериялык системаларга муктаж.

Украин расмийлери Орусия дагы көп жоготууларга учурап жатканын айтууда. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

The Guardian басылмасы Батыштагы ишенимдүү булактарына таянып, Орусия Украинада 20 миңдей аскеринен айрылганын жазды. Киевдин эсебинде, бул сан отуз миңден ашат.

Москва жоготуулары тууралуу акыркы жолу мартта билдирип, 1351 аскери согушта мерт кеткенин билдирген. Андан бери үн ката элек. Февралдан бери орус жарандыгын алган беш кыргызстандыктын сөөгү мекенинде жерге берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG