Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Казакстан: Январь окуяларында кармалган алты киши кыйноодон өлгөн


Алматы шаарындагы коопсуздук кызматкерлери, 6-январь 2022-жыл.
Алматы шаарындагы коопсуздук кызматкерлери, 6-январь 2022-жыл.

Казакстанда жыл башындагы Январь окуяларында кармалган алты киши кыйноодон улам өлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев 29-июнда билдирди.

Анын айтымында, кыйноо фактыларына байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин сегиз офицери жана бир полиция кызматкери кармалган. Дагы 15 офицер "митингге чыккан адамдарды кыйнаган" жана "аларды мыйзамсыз жолдор менен суракка алган" деп шектелүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура кандуу тополоңго байланыштуу кармалган 25 киши кыйноого кабылганы ырасталганын, тергөөчүлөр аларды ысык үтүк менен кыйнаганын билдирген. Январь окуяларында кармалып, кайра бошотулган кыргыз жарандары да кыйноого туш болгону ачыкка чыккан эле.

Чиндалиевдин маалыматына ылайык, жыл башындагы нааразылык жана тополоң маалында баш-аягы 232 кишинин өмүрү кыйылган. Казак бийлигинин буга чейинки маалыматында Январь окуяларында 230 киши, алардын арасында 19 укук коргоо кызматкери каза тапканы айтылган болчу.

Жыл башында суюлтулган газдын кымбатташына каршы адеп Жаңы-Өзөн аймагында башталган нааразылык акциялары тез арада Казакстандын башка аймактарында жайылып, чоң толкундоого жол ачкан. Митингдер Алматы шаарында кагылышуулар жана тополоң менен коштолуп, президент Токаев буга "террорчуларды күнөөлөгөн" жана "эскертүүсүз ок атууга" уруксат берген.

Январь окуяларынан кийин 81 жаштагы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраган. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева өңдүү жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG