Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

НАТО Орусияны "чоң коркунуч" жараткан өлкө деп жарыялады


НАТОнун лидерлери Мадрид шаарында. 29-июнь, 2022-жыл.
НАТОнун лидерлери Мадрид шаарында. 29-июнь, 2022-жыл.

НАТО Орусияны уюмдун мүчөлөрүнүн тынчтыгына жана коопсуздугуна "эң чоң жана түз коркунуч" жараткан өлкө деп атады. Аскердик альянска мүчө мамлекеттердин лидерлеринин Мадрид шаарындагы саммитинин мындай мазмундагы декларациясы 29-июнда жарыяланды.

Билдирүүдө Москва Украинага кол салуу менен эл аралык нормаларды одоно бузганы, Орусия украин жергесиндеги гуманитардык кризиске толугу менен жооптуу экени белгиленген. Ошондой эле НАТО Украинага "саясий жана практикалык жактан колдоо көрсөтүүнү" уланта турганы жазылган.

НАТОнун мындай билдирүүсү орус күчтөрүнүн Украинага басып кириши "Кансыз согуштан" кийинки Европадагы коопсуздукту камсыздоо эрежелерин канчалык өзгөрткөнүн көрсөтүп турат. Мунун алдында Түндүк атлантикалык аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуштан берки коопсуздукка коркунуч жараткан "эң чоң кризис" деп атаган.

Мадриддеги саммиттин декларациясында айтылгандай, аскердик альянстын лидерлери Финляндия менен Швецияга НАТОго мүчө болууга расмий чакыруу жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Москва НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишин Украинага басып киришинин бир себеби катары көрсөтүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG