Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Оппозиция Кумтөр боюнча билдирүү жасады


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Кумтөр маселеси боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыялады. 7-сентябрда чыккан билдирүүдө «бийлик жоопкерчиликтен качып жатат” деген пикир айтылып, президент Садыр Жапаровго «Кумтөрдүн алтыны жана андан түшкөн миллиарддар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?” деген суроо коюлду.

“Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд 210 млн доллары каякка сарпталды? Расмий билдирүүлөр боюнча Британия (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна) сатылган алтындын баасы 1 тоннасы 57-58 млн доллар болгон, ошол эле учурда биздин бийлик Кытайга 1 тонна, Таиландга 1 тонна алтынды 36-37 млн доллардан саткан. Эмне үчүн баада мындай чоң айырма бар жана ал кайда кетти? Швейцариянын өкмөтүнүн ачык порталында алар бизден 19 тонна алтынды 1 млрд 210 млн долларга сатып алышканын жазышты. Ошол эле учурда КР Улуттук банкы 2022-жылдын 25-августунда билдирүү таратып, Швейцарияга сатылган алтын Күмтөрдүкү эмес экенин, улуттук алтын-валюталык резервдики экенин расмий билдирди. Андай болсо 2021-жылы Күмтөрдө өндүрүлгөн 14,5 тонна алтын кайда?”, - деп айтылды оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө.

БДК буга чейин ушул маселе боюнча президентке, парламентке жана өкмөткө эки жолу кайрылган.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Аталган үч мекеме ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан Жапаров түшкөн пайдадан эмгек акы, жөлөк пул көбөйтүлүп жатканын белгилеген.

Ошону менен катар президент "19 тонна, 21 тонна алтынды жашырып коюшуптур" деген сөздөр айтылып жатканын кошумчалап, “Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда баары жашыруун болот” деп айткан.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

"Бириккен демократиялык кыймылы" ушул жылдын март айында түзүлгөн. Анын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган. Ага саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG