Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Акыйкатчы журналист Саиповдун ишин тергөө эмнеге токтогонун териштирет


Алишер Саипов.
Алишер Саипов.

Акыйкатчынын кеңсеси журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш эмне себептен кайра токтотулганы боюнча жагдайды карап чыгат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 6-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө кетип баратканда атып кетишкен, анда ал 26 жашта болчу. 2010-жылы бул үчүн 20 жылга соттолгон адам күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган.

2019-жылы ишти тергөө кайрадан уланган. Анын токтотулушун 6-сентябрда "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов "айыпталуучу катары жоопко тартыла тургандарды аныктоо мүмкүн болбогонуна байланыштуу" деп түшүндүрдү.

Алишер Саипов 2005-жылдагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин чагылдырып жүргөн. «Америка добушунда», «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.

Саиповдун ысымы Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. (SЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG