Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайра курчуп, атышуу башталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Ага ылайык, тажик тарап 16-сентябрда саат 06.00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган.

“Тажик тарап саат 06.30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй Самаркандек жана Паскы-Арык ааймактары дагы аткыланды. Саат 07.00го карата чек арада кырдаал чыңалып турат, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү”,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстан бул тууралуу комментарий бере элек.

Мунун алдында 15-сентябрда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Анын алдында Ташиев Баткенде барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөргөн.

Ал жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Ошонжой эле тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG