Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Баткен шаарында айрым жарандык имараттар ракеталык аткылоого кабылганы кабарланды


Баткен шаары. Жергиликтүү журналисттер тарткан сүрөт
Баткен шаары. Жергиликтүү журналисттер тарткан сүрөт

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен шаарындагы аэропорттун айланасы жана шаар четиндеги имараттар жалпы ракеталык аткылоого кабылганын маалымдады. Анда шаардагы жарандык обьектилер талкаланганы айтылат.

Чек ара кызматы 16-сентябрь саат 14:00гө карата маалымат таратып, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган. Анда кыргыз тарап Баткен, Лейлек райондорунда катуу уруш болуп жататканын маалымдады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG