Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Достук айылында снаряддын чачырандысы тийген өспүрүм кыз каза болду


Достук айылы, Лейлек району.
Достук айылы, Лейлек району.

Лейлек районундагы Достук айылынын тургуну Малик Маннанов 15 жаштагы кызы чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгонун “Азаттык” радиосуна ырастады. Маалыматты расмий органдар тактай элек.

“Так билбейм, таңкы саат 8ден өткөндө качып бараткан маалда болду. Снаряддан болду. Оорукана, "Тез жардам" кайда экенин билбейбиз. Баары качып жүрөт. Маргунга келип кызымды жерге бердим ”, - деди атасы.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну токтотконун, чек арадагы кырдаал саат 17:00гө карата дагы эле чыңалган бойдон калып жатканын кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG