Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

"Баткенде суу, жарык, жол, көпүрөнү калыбына келтирүү маселесин чечип жатабыз"


Баткен шаары. Ракеталык аткылоого кабылган үй. Сүрөт 17-сентябрда тартылган.
Баткен шаары. Ракеталык аткылоого кабылган үй. Сүрөт 17-сентябрда тартылган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев аймактагы акыркы кырдаал боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди берди.

Маруфхан Тулаев.
Маруфхан Тулаев.

- 18-сентябрь саат 12:30га карата Баткен облусунда абал туруктуу, кырдаал кечээки түндөн бери өзгөргөн жок. Бирок чек арага жакын кээ бир аймактарда чыңалуу бар деген маалымат бар. Кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин чек ара тилкесине жакын аймактардан оор техниканы, кошумча күчтөр боюнча макулдашылган, ошол боюнча биздин тиешелүү жетекчилер иш жүргүзүп жатат. Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев өзү баштап, азыр чек ара аймагында жүрөт.

- Кечээ Абдикарим Алимбаев (президенттин Баткен облусундагы өкүлү – ред.) түштөн кийин маалымат берип, Лейлектин Жаңы-Жер, Арка, Ортолук айылдарында “абал кооптуурак болуп жатат” деп айтты эле. Азыр ал аймакта абал кандай?

- Кечинде Лейлек районунун акиминен ушундай маалымат келген. Ошол эле убакта саат 21:00дө мага түшкөн маалымат боюнча чек ара тилкесине жакын айылдарда тоноочулук жүрүп жатат дегенинен ИИМдин кызматкерлери чек арага жакын айылдардын баарында жүрүшөт. Алар өздөрүнө жүктөлгөн милдетин аткарууда.

- Бир нече кыргыз айылдары өрттөлүп, талкаланганы айтылууда, ошолорду атап бере аласызбы?

- Толук маалыматты жерине барып, көргөндөн кийин айтпасак азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Чек арага жакын айылдарда облус жетекчиси баш болуп чарбалык иштерди – суу, жарык, жол, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин чечип жатат. Негизинен эл артка кайтып келе элек, өзүңөр көргөндөй Баткен шаарында жашаган эл өзүнүн туруктуу жашаган жерине келип жатат.

Жалпысынан алганда Лейлек районунда абал салыштырмалуу туруктуу, чек арага жакын аймактарда чыңалуу бар деген маалымат бар.

"Баткенде кырдаал туруктуу, чек арага жакын аймактарда чыңалуу бар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

XS
SM
MD
LG