Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Чек арадагы кагылыш: эл үйүнө кайта элек


Кыргызстан. Баткен облусу, Баткен району. Миң-Өрүк айылындагы Шарип аттуу жарандын үйү кыргыз-тажик чек арасындагы аткылоодон кийин. Сүрөт 19-сентябрда тартылган жана журналист Ыдырыс Исаковго таандык.
Кыргызстан. Баткен облусу, Баткен району. Миң-Өрүк айылындагы Шарип аттуу жарандын үйү кыргыз-тажик чек арасындагы аткылоодон кийин. Сүрөт 19-сентябрда тартылган жана журналист Ыдырыс Исаковго таандык.

19-сентябрда ​Кыргызстан чек арадагы куралдуу кагылыштан курман болгондорго аза күттү. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандан 59 адам мерт болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшусун "куралдуу агрессияга" айыптаса, Дүйшөмбү дагы ушундай мүнөздөгү билдирүү жасады.

Тажикстандын ТИМи 19-сентябрда 41 жараны каза болгонун расмий билдирип, бирок алардын канчоо аскерлер, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

​Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусу

19-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргыз журтуна көңүл айтып, "мекенин коргоп курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү мамлекеттин камкордугунда болот" деп убада берди.

"Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет моюнубузга алабыз. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет", - деген Жапаров улуттук армия барган сайын күчтөнүп баратканын баса белгиледи. Жаңжалда өрттөнүп, талкаланган тургундардын үй-жайы тез арада калыбына келет деп убада берди.

Ушул эле күнү Жапаров Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышууга учуп кеткени маалым болду. Ал Дүйнөлүк уюмда баш катчы Антониу Гутерриш менен жолугат. 17-сентябрда Гутерриш менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефондон сүйлөшкөндө баш катчы түзүлгөн кырдаалга катуу тынчсызданып жатканын айтып, кагылышууларды токтотуп, абалды тынч сүйлөшүүлөр менен жолго салуу зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле ал Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жеке жолугууга даяр экенин айткан.

Чек арадагы соңку кырдаал

19-сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча "Тынчтыкка каршы кылмыштар" деген берене менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда Баткенде жүргөн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы аймакта "кырдаал оор жана стабилдүү" деп сыпаттап, качкан тургундар үй-жайына качан кайтса болорун айтты.

"Бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айта элекмин. Оор техниканы чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат, коңшулар менен кошо. Кээ бир жерде өтө оор жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен бир-эки күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз”.

Тараптардын билдирүүсү

18-сентябрь күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларды "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган билдирүүсүн жарыялады.

"Тажикстан Республикасы БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузду", - деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да Кыргызстанды ушундай эле айыптаган билдирүүсүн жарыялаган. Анда кыргыз тараптын ок атуусунан бир үй-бүлө мүчөлөрү каза тапканын, алардын арасында эки бала, кош бойлуу аял болгону жазылган.

Чек ара жана аймактык коопсуздук

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги "Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" 19-сентябрдагы маалымат жыйында айтты.

“Биз байкаган бир өзгөчөлүк – алардын чек арачыларынын, куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин арасында жарандык кийимчендер, сакалчандар курал-жарак көтөрүп алып аткылап жүрүштү. Ошолор айылдарды кыдырып, тамдарды өрттөштү, жардыра башташты, талап-тоношту. Ушундай фактылардын баарын комиссия териштирет эми”.

Eurasianet эл аралык басылмасы 17-сентябрда жарык көргөн макаласында кыргыз бийлигинин билдирүүлөрүн тастыктаган дагы бир видео тууралуу сөз кылды. Макала 15-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин чек ара бекетине чабуул коюуга "кара кийимчен сакалчан кишилердин тиешеси бар" деген сөзүнө көңүл бурган.

"Эртеси социалдык тармактарда пайда болгон кыска видеодо ошол сүрөттөмөгө дал келген адамдар көрүнөт. Анда кээ бирлери кара футболка, башкалары камуфляж кийген тажиктердин тобу автоматтарын текшерип жатышат", - деп жазды басылма.

Эл аралык саясат боюнча эксперт Марс Сариев Рахмон бийлигине ооган тараптан олуттуу коркунуч күтүлүп жатканын, ошол эле учурда Тоолуу Бадахшан менен ички оппозициясы да тиш кайрап турганын эске салды. Ал Дүйшөмбү Кыргызстандан тышкы душмандын кейпин жаратып, өз элин улуттук кызыкчылыкка бириктирүүгө далалаттанып жатканын божомолдоп жатат:

Марс Сариев
Марс Сариев

"Мында чоң оюнчулардын дагы кызыкчылыгы бар. Азыр Орусия Украинадан утулуп жатпайбы. Түштүк Кавказда Арменияны дагы иш жүзүндө жоготуп алышты. Армения 180 градуска бурулуп, Батышка ооп кетти. Иш жүзүндө Арменияны Түркия менен Азербайжанга "кайтарым" кылып берип койгон келишимге келди. Борбор Азияда дагы Орусиянын стратегиясы туура эмес болуп жатат, системалуу ой жүгүртүү жок. Ошон үчүн азыр кыргыздар менен тажиктер кырылышып атканда бейпилдик күч-аракеттерди сурап бизге кайрылсын деген ою бар. Тажиктерди түртпөсө дагы, токтотконго эч бир аракет кылбай күтүп атат".

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына караганда, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 164 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

19-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми Дүйшөмбүдөгү дипломатиялык корпустардын өкүлчүлүктөрү менен журналисттерди чогулткан брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Ал каза тапкандардын канчасы аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

"Жаракат алган бир нече кишинин абалы оор. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө", - деди Содик Имоми.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын саны тууралуу биринчи жолу расмий маалымат берди.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG