Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

"Баткенге жардам": ыктыярчылардын иши мамлекетке өттү


Чүйдүн Байтик айылындагы лицейдин жатаканасы.
Чүйдүн Байтик айылындагы лицейдин жатаканасы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусуна жалпысынан миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилгенин маалымдады. Ал арада жардамды бөлүштүрүү иштери аксап жатканын, муктаждардын баарына бирдей жетпегенин айткандар бар.

Баткенден келген 40ка жакын аял балдары менен эки күн мурун Чүйдүн Байтик айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылган.

Бул жайда төшөк, жуурканы жок, керебеттер эле турганы тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, нааразылык жараткан. Андан көп өтпөй айылдын эли өзү шарт түзө баштаганын мындагы аялдардын бири айтып берди.

"Айылдагы элге ыраазычылык билдиребиз. Бизге жардам беришти. Өздөрү чогулуп келип, тамак-аш, кийим-кече алып берип жатышат. Төшөктөрдөн бери алып беришти. Үстүбүздөгү кийим менен эле үйдөн чыгып кеткенбиз. Балдарга кийим-кече, жалаяк жетпей кыйналдык".

Чүйдүн Байтик айылындагы лицейдин жатаканасы.
Чүйдүн Байтик айылындагы лицейдин жатаканасы.

"Бишкекке келгендерге ким жардам берет?"

Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Зуура апасы, балдары менен Бишкектеги жаңы конуштардын биринде тааныштырынын үйүндө баш калкалап жатат. Алар Бишкекке келгенине төрт күн болсо да гуманитардык жардам ала электигин айтты.

"Балдарым бир эле кийим менен келген. Бирөөнүн үйүнө батыш деле оор экен. Тамак-ашыбыз жок, кыйналдык. Мен социалдык тармактардагы ыктыярчылар тараткан номерлерге чалдым. Жооп болбоду. Спорт ордосуна барсам, алар жардам Баткенге кетип жатканын айтты. Мен арыз таштап, келе бердим. Эч ким чалган жок. Бул жактагы адамдарга ким жардам берет?".


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен облусунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарында экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Алардын 700гө жакыны республикалык штаб аркылуу Бишкекке, 400дөн ашууну Чүй облусуна жайгаштырылган.

Мындан тышкары Бишкектеги туугандары, жакындарынын үйүндө баш калакалап жаткан жарандардын так саны белгисиз.

Жарандык активист Нуржамал Жанибекова Баткенден Бишкекке келгендерди жайгаштыруу жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү иши чабал жүргөнүн айтып, сынга алды.

"Мен Баткенден келген бир апа менен үч сааттай Спорт ордосунда болдум. Ал жерде адеп каттоого туруп, арыз жазыш керек экен. Бизге мамлекеттик жатаканага жайгашканда гана тамак-аш беребиз деп айтышты. Үч сааттан кийин айтылган дарекке баратып, ал жерде орун калбаганын билдик. Координациялык иш начар болгонун байкаса болот. Себеби, спорт ордосуна балдарын чыркыратып турган аялдар, эсин жоготкон улгайган апаларды көрдүк".


Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ачылган “Баткенге жардам” республикалык штабы ишин 18-сентябрда баштап 22-сентябрда жыйынтыктады. Штабдын расмий маалыматына караганда, Баткенден үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон алты миңдей адам кайрылып, алардын эки миңге жакыны атайын жайларга, калгандары жакындарыныкына жайгаштырылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, республикалык штабдын координатору Союзбек Надырбеков штаб жабылганын билдирди.

"Мындан аркы жумушту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзөт. Келгендерден бизге каттоого алынгандар жалпысынан 5621 адам болду, алардын арасынан 1679 адам Бишкекке жана Чүйгө атайын даярдалган жайларга, калгандары тааныштарыныкына жайгаштырылды. Бизге келген гуманитардык жардамдан берип жатабыз тамак-ашына. Мындан кийинки каржылоону мамлекет өзүнө алат. Биз калгандарын өткөрүп, Баткенге акыркыларын жиберип, ошону менен жаптык”.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпысынан миң тоннадан ашык гуманитардык жардам Баткен облусуна жеткирилгенин маалымдады. Ал орто гуманитардык жардамдын жеринде бөлүштүрүү боюнча да түрдүү пикирлер айтылууда.

Баткен шаарынын тургуну Шавкат Абдуразаковдун чек арага чектеш айлында жашаган кызы, неберелери менен ушул күндөрү бир нече айылда баш калкалап жүргөн. Ал дагы анын үй-бүлөсү гуманитардык жардамдан куржалак калганын айтты:

"Беш баласы менен башында кайнежесинин үйүндө жашаптыр. Жолдошу Ак-Татырда калыптыр. Кийин дагы бир коңшу айылга барып, баш калкалап жүрүптүр. Эч кандай жардам алган жокпуз деди. Мен сурабай эле келе бер кызым деп, өзүмдүн жаныма чакыртып алдым. Бирөөнүн үйүнө батыш деле оор экен. Гуманитардык жардамдын басымдуу бөлүгүн жабыркаган айылдарга алып барышыптыр. Ал жерде жалаң эркектер калган, аялдар коопсуз айылдарга чыгып кеткен".

Ал арада Баткендин ар кандай айылдарынан келген 10 миңден ашык адамды кабыл алган Рават айылына гуманитардык жардам өз убагында жеткенин активист Камчы Асанов билдирди.

"Биздин айылда маселе жок, жардам жетиштүү түрдө келди. Биз келген азык-түлүк, кийим-кечени үйүндө элди карап жаткан кожоюндарга алып барып бердик. Алар тамак-ашын даярдап жатышат. Айылдык депутаттардан түзүлгөн комиссия жардамды бөлүштүрдү."

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы эсептөөлөргө таянуу менен Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 600дөн ашык экенин маалымдаган. Ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учураган.

Ал арада кыргыз бийлиги талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына турганын ​кабарлады.

23-сентябрдагы маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алимбек Токторов Баткен шаарында кампа ачылып, штабдын кызматкерлери ал жакка барган жардамды бөлүштүрүп жатышканын айтты.

"Алар муктажтыктар боюнча тизмени алдын ала даярдап беришет. Гуманитардык жардам бардык айылдарга жеткирилүүдө. Жардам алуу боюнча тизмени айыл башчы түзүп, жанындагы кампага барып, алып кете алат".

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG