Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

ИИМ: Баткенде айрымдар үйүнө кайта баштады


Баткендин Ак-Сай айылы. 2022-жылдын 20-сентябры.
Баткендин Ак-Сай айылы. 2022-жылдын 20-сентябры.

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта башташканын 23-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеме милиция кызматкерлери күнү-түнү күзөт жүргүзүп жатышканын белгилеп, үйүнө кайтып жаткандарды этият болууга чакырды:

“Айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддарды же шектүү буюмдарды байкасаңар өз алдынча чара көрбөй, ал нерселерге жакын жолобой, дароо кайгуулда жүргөндөргө же ыкчам топторго билдириңиздер. Текшерүү иштери толук бүткөнгө чейин коопсуздук үчүн жана жолтоо болбош үчүн кары-картаңдар, аялдар жана балдар эвакуация болгон жерлерде болушса, зарылчылык болсо үйлөргө кожоюндар эле келип турса деген сунушту берет элек”.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы окуядан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Каргашалуу окуя Баткендин Лейлек жана Баткен райондорунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунда катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG