Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстандын ТИМи Орусияда мобилизация кимге тиешелүү экенин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы 23-сентябрда тараткан маалыматта Кыргызстандын Орусияда убактылуу иштеп же окуп жүргөн жарандары мобилизацияга тартылбайт, ал эми орус жарандыгы барлар аскерге чакырылары айтылды.

Орус жарандыгы барлар арасынан биринчи кезекте аскерге запастагылар жана буга чейин аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр, тийиштүү адистикке жана тажрыйбага ээлер мобилизация болору белгиленди.

Ал эми аскерге чакырылбай турган орус жарандары төмөнкүлөр экени маалымдалды:

- Орусиядан тыш жакта туруктуу жашагандар, аскердик каттоодо жоктор;

- аскердик кызмат өтөй электер, аскердик билет ала электер;

- оор кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу жоюлбагандар;

- азыр аскердик кызматын өтөп жаткандар;

- аскердик каттоодон чыгарылган аскер ардагерлери;

- ден соолугуна байланыштуу аскерге убактылуу (алты айга чейин) жарамсыз деп таанылгандар;

- оорукчан жакын тууганын каралашып отургандар;

- 16 жашка чыга элек төрт же андан көп бала багып же энеси жок кеминде бир баланы өзү багып жаткандар;

- 22 аптага чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу аялы жана 16 жашка чейинки курактагы үч баласы барлар.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандыктар Орусиянын гана жараны болуп эсептелерин 23-сентябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди. Элчилик кабарлагандай, Кыргызстандын Орусия менен кош жарандыкты таануу жөнүндө келишимдери же макулдашуулары жок.

20-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктаган. Талдоочулар бул мыйзам Орусиядагы мигранттарды армияга тартып, Украинадагы согушка жөнөтүүнү көздөй турганын айтып жатышат.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды этият болууга чакырган жана эгер согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин, чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышса жоопко тартыла турганын эскерткен.

Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG