Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бишкектеги "Баткенге жардам" штабы жабылды


"Баткенге жардам" штабы Спорт ордосунда иштеди.
"Баткенге жардам" штабы Спорт ордосунда иштеди.

Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ачылган “Баткенге жардам” республикалык штабы ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттык” радиосуна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, штабды уюштуруу тобунун мүчөсү Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, бул штабга Баткенден үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон алты миңдей адам кайрылды, алардын эки миңге жакыны атайын жайларга, калгандары жакындарыныкына жайгаштырылды, элден чогултулган гуманитардык жардам да бөлүштүрүлүп бүттү:

“Ооба, жыйынтыкталды. Мындан аркы жумушту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзөт. Келгендерден бизге каттоого алынгандар жалпысынан 5621 адам болду, алардын арасынан 1679 адам Бишкекке жана Чүйгө атайын даярдалган жайларга, калгандары тааныштарыныкына жайгаштырылды. Бизге келген гуманитардык жардамдан берип жатабыз тамак-ашына. Бирок мындан кийинки каржылоону мамлекет өзүнө алат. Биз калгандарын өткөрүп, Баткенге акыркыларын жиберип, ошону менен жаптык”.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

"Баткенге жардам" штабы 18-сентябрда ачылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG