Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Баткенде жараат алган 198 адамдын 137си ооруканада жатат


Баткенде жараат алгандар жаткан бөлмө. 2022-жылдын 17-сентябры.
Баткенде жараат алгандар жаткан бөлмө. 2022-жылдын 17-сентябры.

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Бул тууралуу 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Баткенде үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондор үчүн төрт мобилдик клиника иштеп жатканын айткан Калмаматов Бишкектен барган 16 медициналык бригада да жардам берип жатканын кошумчалады. Аталган бригадалардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адис бар.

Кант диабетине чалдыккандар инсулин менен толук камсыз болгону да маалымдалды.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болду. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG