Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

ИИМ 20дай адам Интернеттеги жазгандары үчүн милицияга чакырылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда социалдык түйүндөрдүн 20га жакын колдонуучусу Интернетке улут аралык кастыкты козуткан агрессивдүү маалымат жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 23-сентябрда маалымдагандай, аларды милиция Интернетте жүргүзгөн атайын мониторингдин натыйжасында аныктап, азыр териштирүү жүргүзүп жатат.

ИИМ “Соңку кезде социалдык түйүндөрдө чагымчыл мүнөздөгү ар кандай жалган жана такталбаган маалыматтар көбөйдү. Расалык, этникалык, улут жана диний кастык козутуучу чагымчыл материалдарды социалдык түйүндөргө жайгаштырбоого чакырабыз” деп белгилеп, бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) негизинде кылмыш жообуна тартуу каралганын эскертти.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. Чек арадагы окуя Интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG