Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңеши октябрда Кыргызстанга келет жана 2023-2027-жылдарга өлкө менен жаңы өнөктөштүк стратегиясы талкууланат.
Бул тууралуу 22-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолушканда айтты.
Жапаров Азия өнүктүрүү банкы өнүгүүнүн бардык тармактарында маанилүү колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.
Расмий маалыматка ылайык, төрага өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттын өзгөрүшү боюнча долбоорлорго көңүл бурууну белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, өлкөдөгү каржы институтунун учурдагы долбоорлорун илгерилетүү, жана башка маселелер талкууланды.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен 1994-жылдан бери кызматташат. Энергетика, суу менен камсыз кылуу, техникалык жардам, жол оңдоо өңдүү долборлорду ишке ашыруу үчүн жылына миллиондогон доллар каражат бөлүп келүүдө. (SE)