Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

"Болотко боштондук!". Журналисттин соту жылды


Болот Темиров сотто. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Болот Темиров сотто. 22-сентябрь, 2022-жыл.

22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соттук отуруму уланды. Анда бир жактоочуга сөз берилип, кийинки отурум белгиленди. Прокуратура Темировго беш жылдык жаза мөөнөтүн берүүнү сураган. Кечээ Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыккан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү чек арадагы окуяны чагылдырууда журналисттердин жана блогерлердин салымын эске алып, бийликтен медиа өкүлдөрүнө кысымды токтотууну өтүнүштү.

Болот Темировдун соту

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланды. Кечээ тараптардын жарыш сөзү дээрлик жыйынтыкталып, бир жактоочунун гана сөзү калган. Бүгүн сот өкүмүн жарыялайт деп күтүлүп жаткан. Бирок айыпталуучунун акыркы сөзүн угуу жана соттук өкүмдү чыгаруу 28-сентябрга калтырылды. Прокуратура аны беш жылга соттоп, андан кийин өлкөдөн чыгарууну сурап жатат.

Болот Темировду колдоп, соттун алдына келген жарандык коомдун өкүлдөрү. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Болот Темировду колдоп, соттун алдына келген жарандык коомдун өкүлдөрү. 22-сентябрь, 2022-жыл.

22-сентябрдагы сотто Болот Темировдун адвокаты Разак Ашимбаев сөз сүйлөдү. Ал тергөө тарабынан мыйзам талаптары одоно бузулгандыктан, иликтөөчү журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартуу адилетсиз болоорун айтты.

“Мыйзамга ылайык, кармалган адамды тинтүү иштери дароо – ошол замат жүргүзүлүшү керек. Керек болсо видеого да тартылып, анда кайсы күнү, саат канчада жүргүзүлгөнү көрүнүп турушу керек болчу. Анын жыйынтыгында протокол түзүлөт. Бирок кеңсени тинтип бүткөндөн кийин гана Болоттун өзүн тинтүүгө алып, чөнтөгүнөн наркотикалык каражатка окшош затты таап атат. Кеңсени тинтүү менен адамдын өзүн тинтүү эки башка. Экспертизанын жыйынтыгында да Темиров наркотикалык зат колдонбогону аныкталып жатат”.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "мыйзамсыз маңзат сактаган" деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылууда.

Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда айткан.

Бүгүнкү сот отурумда мамлекеттик айыптоочу Мээрим Алиева Темировдун кеңсесинде тинтүү иштери мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн белгиледи.

“Укук коргоо органдары тарабынан бардык иш-аракеттер мыйзамдуу болгон. Соттук териштирүү учурунда Темировдун өзү тинтүүнүн видеосун берген. Анда Темировдун кеңсесиндеги тинтүү кандай болгону так көрүнүп турат. Урматтуу сот, сизден чечим кабыл алууда кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык, айыпталуучуну өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүнү өтүнөм”.

Өз сөзүндө Болот Темиров күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгиледи.

"Кылмыш ишиндеги томдорду көбөйтүп, каалаганды кыла берсе болот, бирок башынан коюлуп жаткан негиздеме – жалган. Анкета жасалма болгон. Ошол жасалма анкетанын негизинде паспорт алуу мүмкүн эмес. Эгер мүмкүн болсо, анда паспорт берүүчү жалпы мамлекеттик системаны таштандыга ыргыта берсе болот”.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

Болот Темировдун сот алдындагы кайрылуусу

Жарандык коомдун суранычы

14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу кагылыш маалыматтык кармашты да курчутту. Кыргызстандык медиа жана жарандык коомдун өкүлдөрү учурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду "агрессияга" айыптап, жаңжал учурундагы фото жана видеолорду чыгарып, иликтөөлөрдү даярдап, жабырланган элге гуманитардык жардам чогултуу иштери менен алек болууда.

Ошол эле маалда тажикстандык соцмедианын колдонуучулары жана айрым журналисттери Кыргызстандын бийлигин ок атууга айыптаган билдирүүлөрүн кыргыз сегментинде калтырып жатканын байкоого болот.

Мындан улам жарандык коом жана медиа өкүлдөрү кыргыз бийлигине сөз эркиндиги болбосо мамлекет тыштан келген коркунучтарга туруштук бере албасын эске салып, журналисттерге, укук коргоочуларга, блогерлерге аңчылыкты токтотууга чакырык калтырышты.

Дүйшөмбиевдин иши боюнча соттук өкүм чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм бүгүн, 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, Дүйшөмбиев сот залынан бошотулду.

“Улут аралык кастыкты козутуу болгон эмес. Айыптоочу коюп жаткан айыбын сотто далилдей алган жок. Далил жети ай мурун жок болсо, азыр да жок. Айыптоочу кайсы улуттун ортосуна кастык козутулганын так айта алган жок”, - деди Дүйшөмбиев “Азаттык” радиосуна.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган жана күнөөсү далилденгенин билдирген.

Дүйшөмбиевдин адвокаттары өкүмгө макул эместигин, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украинага басып кирүү үчүн аскердик жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалып келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG