Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Камактагы активисттерди бошотууну талап кылган митинг өттү


Активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган нааразылык акциясы. 30-август, 2022-жыл.
Активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган нааразылык акциясы. 30-август, 2022-жыл.

Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдына камакта жаткан бир катар активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган 20 чакты адам нааразылык акцияга чыкты.

Алар Мелис Аспековду, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын бошотулушун, Тилекмат Куреновдун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылышты.

Чогулгандарды таратуу аракети болуп, алар президенттин администрациясына кирип чыгышты.

“Эч бир маселе чечилген жок. Азыр такыр эле бөлөк соттук укук бөлүмүнө кирип чыктык. Бирок биздин маселе аларга такыр тиешеси жок”, - деди жолугушууга кирип чыккан Бекназар Айталиев.

Эски аянтка чыккан активисттерге милиция кызматкерлери шаардын борбордук аянтында, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин көрсөтүп, ал аткарылбаса, чара көрүлө турганын эскертти. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жумадил Шералиев чогулган элдин тарап кетишин талап кылды.

“Соттун чечимин эске алуу менен расмий эскертүү берем. Мен чечим кабыл алып, күч органдарына баш ийбегениңиздер үчүн алып кетүүгө мажбур болом”.

Мындан улам нааразылыкка чыккандар акциясын Максим Горький атындагы гүлбакта улантышты.

Активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган нааразылык акциясы. 30-август, 2022-жыл.
Активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган нааразылык акциясы. 30-август, 2022-жыл.

“Бийлик башына келгендер элге, сөз эркиндигине, активисттерге кысым уланып келүүдө. Ошондон улам символикалык түрдө Эгемендүүлүк майрамынын алдында чыгып отурабыз. Мамлекет качан толук эгемен болот? Качан гана анын ар бир жараны өзүнүн ой-пикирин эркин айтып, позициясы үчүн куугунтукка кабылбаса. Биз азыр эркин мамлекетке окшошпой жатабыз. Мисалы, Фейсбуктагы бир-эки посту үчүн Адилет Балтабай абакта отурат. Ага чейин, андан кийин да саясий негизде камалган жарандарыбыз бар. Биз алардын толук акталышын талап кылабыз”,- деди “Саясий куугунтуктардан коргоо” комитетинин координатору Бекназар Айталиев.

Нааразылык акциясына эки айдан бери камакта жаткан Адилет Балтайбын карындашы менен жубайы да келген. Алар блогер камалганы анын үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып беришти. Карындашы Нурзада Балтабаева агасы эки айдан бери мыйзамсыз камакта жатат деп эсептейт.

“Эркин сүйлөө ар бир жарандык укугу деп ойлойм. Адилет байкемдин эч кандай күнөөсү жок. Ал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге сын айткан. Сынга бийлик сынбаш керек. Тескерисинче, анын сөзүн угушса болмок. Байкем башка жарандардай эле казинонун ачылышына каршы турган. Мунун эмнеси жаман? Анын баш коргоо чарасы жакында кайра каралат. Биз камактан чыгарылышын талап кылып жатабыз. Агам мамлекетке эч кандай зыян келтирген жок жана баш аламандыкка чакырган эмес”.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Садыр Жапаров соттордун ишине кийлигишпей турганын айтып, өлкөдө саясий куугунтуктоо жок деген пикирде.

“Бизде эч ким саясий куугунтук болгон жок. Ушуга чейин кылмыш кылган адамдын күнөөсүн моюнуна алганын уга элекмин. Алардын көпчүлүгү мыйзамды билбегендигинен, билсе да сыйлабагандыгынан, ага урматтоо менен мамиле жасабагандыгынан улам камакта отурат деп ойлойм. Алар боюнча чечимди сот кабыл алат. Садыр Жапаров соттун ишине кийлигишпейт”.

Камалган активисттер ким?

Мелис Аспеков

  • 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Мелис Аспеков 2021-жылдын январында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен "250 миң доллар талап кылган" деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) "Опузалап талап кылуу" деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган. Быйыл 23-мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Тилекмат Кудайберген уулу

  • Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде быйыл 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Кийин Аламүдүн райондук соту Куреновду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча өтүнүчтү канааттандырган эмес. Активист "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеп, "Ханституцияга каршы" тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан.

Адилет Балтабай

  • Жарандык активист, блогер Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Адилет Балтабай буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене ""бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү") менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген. 22-августта Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырган.

Амангелди Артыков

  • Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2020-жылы октябрда Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адамды кармап, алардын бешөөнү камакка алган. Амангелди Артыков алардын арасында болгон. "Кырк уруу жети дубан" деп аталган кыймылдын мүчөсү Амангелди Артыков 2019-жылы да "үйүнөн баңгизат табылды" деген негиз менен эки айга камалган. Аялы баңгизатты алардын үйүнө күч кызматкерлери таштап кеткенин айтып, арызданган. Артыковдун аты Садыр Жапаров камакта отурганда аны колдоо боюнча митингде да чыккан. Акциядан кийин «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренеси менен козголгон иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров менен кошо Амангелди Артыковду да кармаган.

Батмакан Жолболдуева

  • Блогер Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 2022-жылы 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Соттук териштирүү өткөн айда башталган. Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган. Баткен райондук соту 18-августта блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Облустук соттон келерки жараян 8-сентябрга белгиленгенин кабарлашкан.

Болот Темиров менен Болот Назаровдун иши

  • Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты. Анда судья ага карата журналисттин ишенбестик көрсөтүү арызын канааттандырган жок. Ошондой эле жараянга күбө катары сурак берчү ички иштер органдарынын тергөөчүсү Аман Асанакунов эмгек өргүүсүндө жүрөт деген жүйө менен дагы келбегени белгилүү болду. Мындан бир күн мурдагы отурумда судья аны мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.
  • Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган. Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Temirov Live иликтөө медиасынын жетекчиси Болот Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.

Ырыс Жекшеналиев

  • 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМде бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына жайгаштырганы негиз болгон. Блогер сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп сыпаттаган. 16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарган. Соттун мындай чечими коомчулукта сынга алынып, иш саясий өңүт алды деген талкуу жараткан.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жылда жарыяланып келген рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгиледи. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформа өтүп, бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG