Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

УКМК: Митингдин уюштуруучулары «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шек саналууда


Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингди Каныбек Осмоналиев алып барган. Бишкек шаары. 2-март, 2020-жыл.
Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингди Каныбек Осмоналиев алып барган. Бишкек шаары. 2-март, 2020-жыл.

2-мартта Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин уюштуруучулары деп эсептелген топ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилди. Алардын айрымдары «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шек саналууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

«Митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү УКМКга жеткирилди. Алар - Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Жазык кодексинин 39-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу аракети») боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат».

Митингди уюштуруучулар катары аттары аталгандардын ичинен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев - Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, Сабыр Жапаров - Садыр Жапаровдун агасы, ал эми Амангелди Артыков - «Кырк уруу кыргыз - жети дубан ынтымагы» деп аталган кыймылдын жетекчиси катары таанымал.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Милиция баш-аламандыкка айыпталып кармалгандардын жалпы саны тууралуу так маалымат бере элек.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG