Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Активисттин камалышы шек жаратты


Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.
Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.

«Үйүнөн баңгизат табылды» деген негиз менен эки айга камалган жарандык активисттин жакындары муну атайын уюштурулган жалаа катары баалап жатышат.

Кылмышка шектүү Амангелди Артыков Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды чыгарууну талап кылган активисттердин катарында январь айында Бишкекте нааразылык акциясына чыккан.

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган Бишкектеги митингдин катышуучусу, эки айга камакка алынган Амангелди Артыковдун жубайы Элмира Турдугулованын көзү көрбөйт, бөйрөк илдети менен жабыркайт. Турдугулова милиция алардын үйүн негизсиз тинтүүгө алып, күйөөсүн баңгизатка байланыштуу атайын уюштурулган окуя менен кармап кеткенин «Азаттыкка» билдирди:

«3-апрелге караган түнү 15тей милиция үйгө келишти. Биз уктап жаткан жерден эшикти бузуп кирип, үйдү тинтүүгө алышты. Колдорунда текшерүүгө уруксат берген эч кандай кагазы жок. Ошол күнү эки жарым саат бою үйдү астын-үстүн кылышты. Адегенде «курал издеп жатабыз» дешти. Андан кийин эле «баңгизат таптык» деп айтышты. Жолдошум «муну силер өзүңөр алып келдиңер» деп чырылдаганына болбой, түнкү саат эки жарымда жолдошумду алып кетишти».

Артыковду эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту 6-апрель күнү чыгарды. Ал мыйзамсыз баңгизат сактоо боюнча шек саналып, 3-апрелде кармалган. Элмира Турдугулова ошондон бери күйөөсү менен байланыша албай жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүнөн жагдайга көңүл бурууну өтүндү:

«Көзүм көрбөйт, алты жылдан бери гемодиализ менен дарыланам. Мени бир гана жолдошум карап, анын арты менен тирүү жүрөм. Мен президентке, ички иштер министрине, акыйкатчыга кайрылат элем. Ушул ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим чыгарып беришсин».

Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.
Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы активисттин аялынын дооматын четке кагып, Амангелди Артыковдун үйүн тинтүү учурунда 35 грамм гашиш жана бульбулятор деген баңгизат чегүүчү аспап табылганын билдирди. Мындан тышкары, наркологиялык диспансердеги текшерүү учурунда анын канынан наркотикалык зат чыккандыгы кабарланды.

Мыйзамсыз жүргөн Кытайдын жарандарына каршы январь айында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн митингде Амангелди Артыков «Кырк уруу кыргыз – жети дубандын ынтымагы» аттуу кыймылдын мүчөсү катары катышып, бир топ чакырыктарды жасаган.

Ошол митингге катышкан дагы бир активист Аманбол Бабакулов ал бийликке жакпаган жалындуу сөздөрү үчүн гана камакка алынды деп эсептейт.

«17-январдан кийин эле Аман байкеге бийлик тараптан аябай кысым болуп келгенин мен көрүп, угуп келгем. Менин жеке пикиримде Аман байкени митингде чындыкты айтканы үчүн камашса керек. Ал «Жерүй маселесин мыйзам чегинде чечкиле, акчасын алып келип туруп Кытайдын карызынан кутулгула» деген талаптарды койду. Андан тышкары, мыйзамсыз жүргөн кытайлар боюнча көп нерсе айтты. Мен ошолордун кесепетинен болду окшойт деген тыянак чыгарам», - деди активист.

Жагдай боюнча «Кырк уруу кыргыз – жети дубандын ынтымагы» кыймылынын өкүлдөрү Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Акыйкатчы Токон Мамытов учурда ал арыз текшерилип жатканын кабарлады:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Ушул уюмдун өкүлдөрү арызын таштап кетишкен. Арыздын келгенине 4-5 күн болду. Биз өлчөнгөн убакыттын ичинде жооп беребиз. Азырынча бир нерсе айтуу эрте».

7-январда жана 17-январда Бишкектин борбордук аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митинг өткөрүшкөн. Анда жалпысынан 21 адам кармалып, баарына Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 91-беренесине («Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн тартибин бузуу») ылайык үч миң сомдон айыппул салынган.

Ошол митингде касташууга чакырык жасаганы айтылып, Гүлжамила Сапаралиева аттуу аял да эки айга камакка алынган. Анын бөгөт чарасы 17-апрелде каралат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG