Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

"Фейктер" мыйзамынын маалымат агенттигине тийген эпкини


Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24.кg маалымат агенттигинин сайтын убактылуу жабуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Мунун алдында аталган сайт “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, "Амбасадор" мейманканасынан түшкөн арыздын негизинде убактылуу блоктолгону белгилүү болгон.

Медиа коомчулук бул окуяны сөз эркиндигине карата кезектеги чабуул катары сыпаттап жатат.

24.кg маалымат агенттигинин сайты 25-августтан тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган. Буга Бишкектеги "Амбасадор" мейманканасынын аталган сайтка каршы жазган арызынын негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты убактылуу жабуу тууралуу чечими негиз болгон. Бирок аталган министрлик 23-августтагы чечимин кайра жокко чыгарды.

24.кg агенттигинин башчысы Асел Оторбаева Фейсбуктагы баракчасына сайтты убактылуу жабуу тууралуу маалымат берилбегенин, "фейктер" тууралуу мыйзамды аткаруу жол-жобосу так эмес экенин жазды.

"Биз, мыйзамды сыйлаган жарандар жана журналисттер катары мейманканада болгон окуянын эки жоромолун бергенбиз. Бирок "Амбасадор" "антипиар болсо дагы пиар" деп эсептеп, бизге каршы арыз жазыптыр. Маданият министрлиги биздин сайтты эки айга жабууга дароо буйрук бериптир. Бир дагы аткаминер бизди уккан жок. Бизге чалып, чакырып, суроо беришкен да жок. Алар бул чечимди биздин сыртыбыздан, бизсиз эле кабыл алыптыр. Анын ордуна провайдерлерге блоктоо тууралуу кагаз жөнөтүшүптүр. Гүлшат Асылбаеванын чуулгандуу мыйзамын кабыл алып, кол коюп, иштей баштаганы менен кантип иштери жөнүндө жол-жобо эмгиче жок. Аткаминерлер социалдык тармактарды бөгөттөй албасын өздөрү деле мойнуна алып жатат. Эгер алар биздин оозубузду жабууга аракет кыла берсе, биз соцтармакка эле кетип калабыз", - деп жазды.

"Амбасадор" мейманканасы арызы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу бардык чечимдер тиешелүү мыйзамга ылайык кабыл алынганын билдирди.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

"Кыргызстанда “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында даттануу тартиби бекитилген, ага ылайык биздин министрлик жарыяланган маалыматты өчүрүү тууралуу биринчи чечимди чыгарган. Маалымат өчүрүлбөгөнүнө байланыштуу министрлик сайттын ишин эки айга токтотуп туруу чечимин чыгарган. Бардык чечимдер байланыш тармагындагы мамлекеттик органга, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жөнөтүлөт, биз сайттарга жөнөтө албайбыз. Биздин териштирүү боюнча ыйгарым укуктарыбыз жок, ошондуктан чакырып, тактай албайбыз. Көрсөтүлгөн механизм кабыл алынган тартипте жазылган, ал кабыл алынган мыйзамдын мыйзамдык актысы болуп саналат. Биз ушул Мыйзамга таяндык. Кайрылууда берилген маалыматтар үчүн арыз ээси өзү жооптуу. Ошону менен бирге маалымат агенттиги мурда жарыяланган маалыматты четке каккан материал жайгаштырганына байланыштуу токтотуп туруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган", - деп билдирди Эсенгул уулу.

Жогорку Кеңеш былтыр 28-июлда кезексиз жыйында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Ушул жылдын башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыккан. Ага ылайык, арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат жана жалган маалымат тараткан деген сайтты убактылуу жабуу менен алектенет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул мыйзам Конституцияга каршы келерин айтып, Конституциялык сотко эки ирет кайрылган. Анын билдиришинче, учурда аны аткаруу жобосунан улам дагы бир арыз даярдалып жатат.

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

"Мен бул сотко эки жолу кайрылгам. Биринчи жолу өзүм, экинчи жолу мен жана бир топ медиа эксперттер болуп кайрылганбыз. Себеби, биринчи жолу мен кайрылганда аны четке кагып коюшту. "Мыйзамды жалпысынан жокко чыгарганга болбойт, мыйзамдагы кайсы норма Конституцияга каршы келерин көрсөткүлө" деп жазышкан. Экинчи жолу жазганы арызды кабыл алдыбы же жокпу, Конституциялык сот жооп бере элек. Бирок ага карабай мыйзамдын негизинде Министрлер кабинети кабыл алган жобого байланыштуу дагы үчүнчү арыз жазылат, аны да биз жөнөтөбүз, анткени ал Конституцияга туура келбейт. Биз башында эле бир нече жолу айтканбыз да, биз айткандай эле болуп жатат. Мына, эч кимге билдирбей, чакырбай, сотсуз эле түшкөн арыздын негизинде блоктоп жатышат. Бул туура эмес тажрыйба. Негизи далилдерди чогултушу керек болчу. Чакырып, туура маалыматпы же жокпу тактап, жок дегенде ушундай иштер жасалышы керек болчу. Азыр эми алтургай чакырбай эле жаап кое баштады. Биз муну башында эле айтканбыз. Мыйзамдын авторлору болсо "андай болбойт, сиз жөн эле айтып жатасыз, тескерсинче, бул демократия" деп чыгышкан".

Бул мыйзамдын аты башында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент аны 2020-жылы июнунда кабыл алган, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол коюудан баш тарткан. Каршы пикирде долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра парламентке кайтарылганы белгиленген.

Юрист Акмат Алагушев "фейктер" тууралуу мыйзам колдонулган экинчи окуя экенин белгиледи.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

"Бул жерде 24.кg агенттигиники экинчи прецедент болуп жатат. Биринчи жолу "Республика" басылмасынын сайтына байланыштуу болгон. Макул, "Республика" басылмасынын жетекчиси четте, АКШда жүрөт экен. 24.кg чоң ресурс болуп жатпайбы. Кеңсеси шаардын так борборунда. Кантип эле ошолорго маалымдама бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок? Бул эч кандай логикага жатпайт. Кандайдыр бир маалымдама берилиши керек, алардын дагы жүйөсүн угушу керек. Бул мыйзам кандай иштейт, андан ары кандай болот, түшүнүксүз болуп жатат".

Буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар, Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдар мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Медиа эсперт Гүлзада Медералиева мыйзам бийликтин сөз эркиндигине каршы куралына айланышы ыктымалдыгын эскертти.

Гүлзада Медералиева.
Гүлзада Медералиева.

"Аталган маалымат агенттигинин айланасындагы окуялар өтө кооптуу прецедент. "Фейктер" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы өтө чоң ката болгон. "Фейктерге" каршы албетте, күрөш болушу керек, бирок бул мыйзам чыныгы "фейктерге" каршы иштебей, бийликке ыңгайсыз маалымат каражаттарын жабуу куралы, "камчысы" болуп калып жатпайбы. Азыр эми чыныгы "фейктер" кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Мисалы бийликти сындаган бир пост жазылса, ошол жазган адамды он чактысы, жүз чактысы жабалактап талап кирет. Ошондуктан чыныгы "фейктерге" чара көрүлбөй жатат".

Өткөн айда блогер, жарандык активист Адилет Балтабай камалган жана ал өзү "бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып коюлганын, күнөөсү жоктугун билдирген. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык активисттер менен соттошуп, миллиондогон айыпка жыккан учурлар бар. Мындай тажрыйба буга чейинки бийликтердин тушунда да орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG