Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

УКМК абагындагы өлүм: комиссия корутундусу, жоопсуз калган суроолор


Маркум Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.

УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады.

Комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө "трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген" деген алдын-ала корутундусун чыгарган.

Комиссияны жетектеген Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов ал эки адамдын өлүмү "киши колдуу болбогонуна алардын жакындары өз көзү менен көрүп, ынандыра турган шарттар түзүлгөнүн" белгиледи.

Бирок укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова муну үстүрт тыянак катары баалап, өкмөттүк комиссия эки негизги маселеге өзгөчө көңүл бурушу керек эле деген пикирде.

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу.
Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу.

"Комиссия ал эмне болгон трагедиялуу жагдайлар экенин ачып берүүгө тийиш болчу. Ким күнөөлүү? Ким ошого жеткирген? Ким көзөмөлдөп, караган эмес? Эмне үчүн ал эки адам абак жайында каза болду? Мына ошонун бардыгына жооп издөө керек эле. УКМКнын Тергөө абагы тандалма түрдө анда кармалган адамдар өлө бере турган жай эмес да? Ошондуктан мындан ары андай иштер кайталанбашы үчүн буга кимдер күнөөлүү болсо же ошого жол берген кызмат адамдары жооп берүүгө тийиш. Экинчиден, мамлекет тарабынан бул үчүн кандай кенемте төлөнөт? Өкмөт БУУнун адам укугу боюнча тиешелүү жоболорун жетекчиликке алып, абак жайында каза тапкан ал адамдардын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп береби же жокпу деген маселе турат".

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан расмий маалыматта, комиссия мүчөлөрүнө жабык тергөө абагына кирүүгө, алардын иштери менен таанышып, көзөмөл камералардан алынган видео тасмаларды көрүүгө, күзөтчүлөр жана ал камераларда чогуу отурган абакчылар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылат.

Комиссия 12 жолу жыйналып, анын бешөө УКМКнын тергөө абагында болсо, жети жолу өкмөттүн жыйындар залында чогулганы көрсөтүлгөн.

"Туугандары бардыгын өз көзү менен көрсүн дедик"

Комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов иликтөө учурунда абакта аларды өлүмгө жеткирген жагдай же атайылап кол салуу болгону ырасталбаганын белгиледи.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Комиссиянын негизги максаты ал маркумдардын жакындарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө иштин жагдайлары менен таанышып чыгууга толук шарт түзүп берүү болчу. Бул нерсе президент менен УКМК төрагасынын демилгеси болду. Себеби, бул окуяда кимдир бирөөлөрдөн шек санап, алар абакта киши колдуу болушу мүмкүн деген сөздөр чыкпады беле. Биз ал жакка 5-6 жолу кирип чыгып, видео тасмалар менен таанышып, күзөтчүлөр, абакта чогуу отурган кишилер жана "Тез жардам" кызматынын врачтары менен сурамжылоо жүргүздүк. Мына ошонун бардыгын комиссияга кирген алардын жакындары өз көзү менен көрүп, ынана тургандай шарттарды түзүп бердик. Жыйынтыгында, биз алар киши колдуу болду же сырттан кимдир бирөө же мамлекеттик мекеме тарабынан басым-кысым болду деген имиштердин бардыгын төгүндөй алдык".

Анткен менен укук коргоочулар менен жарандык активисттер камакка алынган адамдын коопсуздугун мамлекет көзөмөлүнө алууга милдеттүү экенин эске салышты.

"Абактагылардын коопсуздугуна мамлекет жооптуу"

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай абак жайларында атайылап кол салуу болбогон менен өлүмгө жеткирген моралдык-психологиялык кысым болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу.
Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу.

"Абакта отургандарга мамлекет өзгөчө мамиле, өзгөчө көзөмөл жасашы керек. Алар мамлекеттин көзөмөлүндө болгон соң, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери андагы адам өлүмүнө жана абакчылардын ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн жооп бериши кажет. Бизде болсо андай жоопкерчилик жок. Мамлекеттик тиешелүү органдар жоопкерчилик алышпайт. Биздин соттор менен тергөөчүлөр мыйзамдын сакталышын камсыздабай, жардамга муктаж болуп турган, бирок акча бере албаган абактагы жарандарга эмес, акчалуу бирөөнү үй камагына чыгарып, анын эркиндикке чыгышына шарт түзгөндү кадимки бизнеске айландырып алгандын кесепети. Ошол эле кезде абак жайларында мамлекеттик көзөмөл эмес андагы кримтөбөлдөрдүн көзөмөлү күч экенин байкоого болот. Ал эми андагы күзөтчүлөр алар менен жуурулушуп кетип, мына ошолордун эркин аткарып жатканын көрүп жатабыз".

Өкмөттүк комиссиянын корутундусунда абактарда мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн зарыл чараларды көрүү жагы да сунушталган.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун:

"Министрлер Кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, тергөө изоляторун жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот", - деген сөзү шилтеме катары келтирилди.

"Жазасыз калуунун кесепети жаман"

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жоопкерсиздик жана жазасыз калуу өнөкөтү системаны чиритип бүткөн деген ойдо.

"Марат Казакпаевдин өлүмү табышмактуу бойдон калды. Анткени эмне себептен тергөө амалдары кечеңдеп, бир жылдан ашса дагы жүрбөй, токтоп турган. Ал адамдын оорулуу экенин билип туруп, анын дарылануусуна эмнеге шарт түзүлгөн эмес? Үй камагына чыгарып же башка мыйзамдуу жолдор менен анын үстүнөн акыйкат сот адилеттигин жүргүзүүгө кимдер кызыкдар болгон эмес деген суроо туулат. Ал кишини мына ушуга жеткирбей, ал өлгөнгө чейин анын өмүрүн сактаса болот беле. Болот эле. Ал эми Бакыт Асанбаевди өлөргө жакын абактын "больничка" деген камерасына которуп жатышат. Эмне которулганы дагы белгисиз. Ага жооп жок. Ошондуктан анын өз өмүрүнө кол салганына дагы ишенүү кыйын. Ошондуктан түздөн түз адам өлтүрүү болбогон күндө дагы аны ушуга жеткирген же болбосо жок эле дегенде жол берген тергөө абагынын жетекчилиги жана тиешелүү кызмат адамдары жооп бериши шарт. Себеби, адамдын өлүмү оюнчук эмес".

Абакта каза тапкан эки маркумдун жакындары менен байланышып, алардын комиссиянын жыйынтыгына карата пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

56 жаштагы саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр мамлекетке чыккынчылык жасаган деген шек менен кармалган. Быйыл 30-июнда каза болгонуна байланыштуу анын кылмыш иши тергөөдөн кыскартылганы кабарланган.

Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат 1ге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы айтылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган. Маркумдардын жакындары ал экөө киши колдуу болушу мүмкүн деген шектенүүсүн айтып чыккан. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG