Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Асанбаевдин өлүмү... "Айыл Банктан" алынган 3,5 млн. доллар


Бакыт Асанбаев.

18-июнда түнкү саат бирге жакын "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында каза болгон. Атайын кызмат ал өзүнө кол салганын билдирген. Бирок банкирдин жакындары буга шек саноо менен карашат. Бакыт Асанбаевдин өлүмүн териштирүү иши кандай жүрүп жатат жана аны камоого кайсы жагдайлар себеп болгон?

Маркум Бакыт Асанбаев жаткан медициналык блок үч бөлмөдөн турат. Блокту тосуп турган темир тордон киргенде эле жууна турган жай жайгашкан. Андан кийинки эки кишилик камерада Бакыт Асанбаев жалгыз жатса, дагы үч киши өзүнчө бөлмөдө болгон.

Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын өзү жаткан камерада электр узарткычына асынып турган абалда табылды.

Күбөлөрдүн айтуусу менен түзүлгөн медициналык блоктун схемасы. Бакыт Асанбаевдин сөөгү кызыл чекит турган жерде табылганы айтылууда.
Күбөлөрдүн айтуусу менен түзүлгөн медициналык блоктун схемасы. Бакыт Асанбаевдин сөөгү кызыл чекит турган жерде табылганы айтылууда.

Бийлик өкүлдөрү Асанбаев өз жанын кыйганын кыйытып жатса, анын жакындары бул версияга ишенбей турган кези.

“Агамдын өзү өлгөнүнө түк ишенбейбиз. Ал төрт баласын таштап кетпейт эле. Анын үстүнө жакын арада абактан чыкканы жаткан. Аны өлтүрүп коюшту же өз өмүрүнө кол салууга мажбурлашты. Биз бийликтен дыкат иликтөөнү талап кылабыз. Анын кармалышы боюнча маселе көп. Аны үй камагына чыгарып коюп деле ишти тергесе болот эле”, - деди Асанбаевдин бир тууганы Максат Асанбаев.

“Айыл Банктын” төрагасынын мурдагы орун басарына козголгон кылмыш иште анын өлүмүндө шек жарата турган жагдайлар бар. Анын жакындары банктан берилген 3,5 млн. долларга байланыштуу ишке беш адам айыпталып, бирок Асанбаевдин жалгыз камалышы, медициналык блокко жакында эле которулушу боюнча ынанымдуу жооп алгысы келет.

Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги тапшырмасы

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүүнү тапшырган.

Садыр Жапаров Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун айткан.

“Алар текшерип келип, мага отчет беришти. Бул жерде дыйкандарга бөлүнгөн акчанын 3% дыйкандарга жетет экен. Калган 97% жалаң ишкерлер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жанан алардын жакындары алат экен. Акчаны дыйкандар алыш керек эле. Ошол үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок болуп, азык-түлүк боюнча кооптуу маселе жаралып турат. Аттарын атабай эле коеюн. Этикага туура келбей калат. Бул жерде акча алган бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок. Өткөн иш өттү, кеткен иш кетти. Банкирлерди тактап чыккыла”.

Садыр Жапаров мыйзам бузуулар “Айыл банк” менен РСК Банкта болгонун айтып, бул ишке байланыштуу документтерди Камчыбек Ташиевге тапшырган. Атайын кызмат ишти эки айдын ичинде иликтеп чыга турган болгон.

Садыр Жапаров насыялар боюнча документти Камчыбек Ташиевге тапшырып жатат.
Садыр Жапаров насыялар боюнча документти Камчыбек Ташиевге тапшырып жатат.


УКМКнын төрагасынын колуна тийген кагаздарда кандай далилдер болгону, кайсы кызматкерлердин ысымы жазылганы белгисиз. Бирок бул иштин алкагында кармалгандар үй камагына чыгып, жалгыз камакта калган Асанбаев атайын кызматтын абагынан ажал тапты.

“Айыл Банктан” алынган 3,5 млн. доллар

Садыр Жапаровдун тапшырмасынан кийин, 29-ноябрда УКМК “Коррупция” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

2022-жылы 8-февралда атайын кызмат насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен “Айыл Банктын” мурдагы төрт жооптуу кызматкерин кармаган.

“2017-жылы “Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан “Россиф” жеке ишканасына 3,5 млн. доллар (295,7 млн. сом) насыя мыйзамсыз берилген. “Россиф” банкка күрөөгө койгон 348,5 млн. сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын баасы боюнча болгону 271,8 млн. сомго гана бааланган. Ортодогу айырма 76,6 млн. сомду түзгөн”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызматтын маалыматында кармалгандардын инициалдары (“М.Н.Т.”, “Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.”) гана көргөзүлгөн. “Азаттык” ачык булактагы маалыматтардан карап, иликтеп атайын кызмат кармаган төрт жарандын тек-жайын тактай алды.

3,5 млн. доллар насыя берилген 2017-жылы М.Н.Т. банктын директорлор кеңешинин мүчөсү, Ш.У.Ж. болсо төраганын орун басары, С.М.А. күрөөнү баалоо бөлүмүнүн жетекчиси, А.Ж.А. насыя берүү боюнча адис болуп иштеп турган.

Алар атайын кызматтын абагында көпкө отурбай, соттун чечими менен үй камагына чыгып кетишкен.

Эки айдай камакта жатканын айткан А.Ж.А. кылмыш иш боюнча мындай деди:

“Насыя туура эле берилген. Ошол учурда катардагы эле адис болчумун. Мен акча берилгенден кийин эле жумуштан чыгып кеткем. Андан бери төрт жыл өттү. Мени камаганда араң эстедим”.

УКМК Бакыт Асанбаевди 2022-жылы 29-апрелде кармап, бир күндөн кийин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал “Россиф” компаниясына 3,5 млн. доллар берилген учурда “Айыл Банктын” насыяны администрлөө башкармалыгын жетектеген. Ошол эле учурда Бакыт Асанбаевдин кандай далилдер менен же кимдин көрсөтмөсүнүн негизинде кармалганы белгисиз болуп турат.

Анын адвокаттары Нур Кылчыкбаева менен Байыш Абакиров маркум Асанбаев УКМКда жөн эле кармалып турганын айтууда.

Байыш Абакиров.
Байыш Абакиров.

“Асанбаев башынан эле күнөөсүн моюнуна алган эмес. Толук кандуу тергөө иштери жүргөн да жок. Бакытка кылмыш иши 2022-жылы 31-мартта козголгон. Бир айдан кийин камакка алынып жатат. Күбө же ишке тиешелүү адамдар менен беттештирүү болгон эмес. Жада калса Бакыт Асанбаевди менин катышуумда суракка алган жок. Экинчи адвокат менен да сурак болгон эмес. Өзүнөн сурасам “жөн эле жатам” деп айткан”, - деди адвокат Байыш Абакиров.

Асанбаевдин камалышына себеп болгон 3,5 млн. долларды “Россиф” компаниясы алган. Компания “Айыл Банкка” Ысык-Ата районундагы “Тогуз-Булак” лыжа базасын, Бишкек шаарындагы курулуп бүтө элек төрт кабаттуу имаратты жер тилкеси менен күрөөгө койгон. Атайын кызмат аталган объектилердин баасы жасалма түрдө кымбаттатылган деп эсептейт.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, “Россифке” Карамолдоев Чынгыз Бейшеналиевич менен Чукуев Мырзабек Үсөнович ээлик кылат.

Мырзабек Чукуев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. “Мен азыр карьерде жүрдүм эле. Эки сааттан кийин чалайын. Жакшы угулбай жатат”,- деген Чукуев кайра байланышка чыккан жок.

“Айыл Банктагы” насыя иши боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Маматов 2013-2019-жылдары “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Ал атайын кызматтын аракетинен кийин Фейсбуктагы баракчасына түшүндүрмө жазган.

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

“Мен банктан үч жыл мурун кызматтан кеткем. Биздин убакта берилген насыялар, андан кийин кайсы жетекчилер иштеген өздөрү жооп берет да. Банктын 2013-2019-жылдардагы маалыматтарын карасаңар алты жылда 17-орундан Кыргызстандагы жакшы банктардын үчтөн бирине кирген. Мен териштирүүнүн объективдүү жүрүшүнө үмүт артам. Анткени президентке туура эмес маалымат берилген деп эсептейм. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга катышкан банктар, анын ичинен эки мамлекеттик банк жеңилдетилген насыянын максаттуу колдонулушуна катуу көзөмөл жүргүзүшкөн”.

Атайын кызмат “Айыл Банктан” алынган 3,5 млн. доллар боюнча толук маалымат бере элек. Андыктан Бакыт Асанбаевдин иши боюнча көп нерсе көмүскөдө калууда. Азыркы тапта 3,5 млн. доллардын канчасы кайтарылганы да белгисиз.
Ошондой эле Асанбаевге чейин кармалган “Айыл банктын” төрт кызматкеринин үй камагына чыгып кетишине эмне себеп болгону, алардын бул ишке катыштыгы боюнча да маалымат жок. Акчаны алып кеткен “ Россиф” компаниясынын жоопкерчилиги боюнча дагы комментарий бериле элек.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча мындай деген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айылбанктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук эмес да, бул – элдин акчасы”.

Ал арада “Айыл банктын” жамааты Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда банк кызматкерлерине басым-кысым кылууну, укук коргоо органдарынын банк ишине кийлигишүүсүн токтотуп, камакка алуу өңдүү чараларды ыксыз колдонбоо жана такталган гана маалыматтардын таратуу өтүнүчү жазылган.

“Өлкө коопсуздугуна, коомго коркунуч келтирген кылмышкер катары кармап, эки ай бою ага коопсуздук шарттарынын камсыз кылынбашы жана акырында келип таасирдүү мекеменин ичинде мындай сырдуу өлүмгө дуушар болушу суроо жаратат. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүлөрүндө Бакыт Рысбекович коррупциялык схемаларга катышы бар катары белгиленген. Тергөө иши акырына чыгарылбай, анын буга катышы барбы же жокпу толук териштирилип, сот өкүмү чыга электе мындай маалыматтын тарашы ар кандай пикир жаратып, мамлекеттик банктын аброюна да кесепетин тийгизүүдө. Албетте, бул бүтүндөй банк системасына жана “Айыл Банктын” бирден бир акционери болгон мамлекеттин өзүнө да калайык-калктын ишениминин солгундашына түрткү болушу ыктымал”, - деп айтылат кайрылууда.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Эки жыл бою “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор, 2013-жылдан тарта "Айыл чарбаны каржылоо" (ФСХ) долбоору деп аталган.

Анын негизинде 2021-жылы дыйкан жана фермерлер үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылган. Анын экөө мамлекеттик болгон.

Асанбаевдин өлүмү, жакындарынын шеги

Бакыт Асанбаев 2022-жылы 30-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Демек банкирдин баш коргоо чарасы 30-июнда кайра каралышы керек эле. Бирок Асанбаев ага жетпей, 18-июнда түнкү саат бирге жакын асынып турган абалда табылып жатат.

Асанбаевдин жактоочусу Нур Кылчыкбаева аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч даярдап жатканын айтууда.

“Биз баш коргоо чарасы карала турган 29-июнга чейин өтүнүч келтирмекпиз. Мен сотто Асанбаев коомго эч коркунуч жаратпай турганын негиздеп, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирмекмин. Кагаздарымды дайындап койгом. Аны кармап отуруштун кажети жок эле. Асанбаев өзү деле ошол сотту күтүп жаткан”.

Асанбаевдин асынып турганын эң биринчилерден болуп абактын кызматкери көрүп, андан кийин кошуна камерадагылар жардамга келишкен.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков Асанбаев каза болгон медициналык блокко кирип, анын менен чогуу отурган жарандар менен сүйлөшкөн.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

“Асанбаев каза болгон медициналык блокто отургандар менен өзүнчө сүйлөштүм. Алардан Асанбаев өлөргө жакын бир нерсе айтканбы же маанайы өзгөргөнбү деп сурадым. Алар бир ооздон эч кандай өзгөрүү байкабаганын айтышты. Алар намаз окуп жатканда медициналык блокту тосуп турган темир тордун ачылганын угушуптур. Андан кийин эле кызматкердин “жардамга” деп кыйкырганын угушуптур. Чуркап барышса эле Асанбаевди кучактап турган экен”.

Бакыт Асанбаев УКМКнын абагындагы медициналык блокко 14-июнда которулган. Асанбаевдин орун которушу боюнча атайын кызмат түшүндүрмө бере элек. Анын жанындагы камерада “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча иште айыпталган жаш жигит, милиция кызматкери жана түрк жараны болгону айтылып жатат.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү жана ага чейин, 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлгөн. Ага акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген.

Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп жатат. Жыйынтыгы эки айдын ичинде чыга турганы айтылган.
Комиссия бир нече жолу отурумга чогулуп, УКМКнын имаратына кирип жана анын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматын укккан.

Комиссияны жетектеп жаткан Эдил Байсалов атайын кызматтын имаратына кирип жатып мындай маалымат берди:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек. Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биздеги тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”.

Эдил Байсалов көргөн тасманы Бакыт Асанбаевдин жакындары да көргөн. Алардын айтымында, камера тергөө абагындагы медициналык блоктун коридорун тартып турат. Ал жерден Асанбаевдин сөөгү табылган камеранын ичин көрүүгө болбойт. Камера ичиндеги жарыктан улам Бакыт Асанбаевдин көлөкөсү гана коридорго түшүп турган.

Маркумдун атасы Рысбек Асанбаев баласынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтты.

Рысбек Асанбаев.
Рысбек Асанбаев.

“Ага мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондор, камагандар жоопко тартылышы керек. Биз ошондо гана тынчыйбыз. Кабыргасын сындырып, ичин эзип салышыптыр. Денесинин бир топ жери көгала. УКМКнын абагы адам өлтүрө турган жайбы? Ал жерге батинкенин боосун да киргизбейт да. Керек болсо тырмагын өстүргөнгө болбойт”.

Бакыт Асанбаевдин денесиндеги көгала тактар бары экспертизада белгиленген. Азырынча анын жыйынтыгы жарыялана элек.

УКМК жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо талабы 9-июнда Марат Казакпаев каза болгондо жаңыра баштаган. Андан он күн өтпөй Бакыт Асанбаевдин сөөгү чыкканда талап мындан да күчөп, иликтөө бүткүчө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан четтете туруу айтылган. Ага Камчыбек Ташиев кыска гана “мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт” деп жооп берген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков камакка алынган ар бир жарандын коопсуздугуна мамлекет жооптуу экенин айтууда.

“Түрмөгө кирген адамдын бир тал чачы түшпөйт. Азыркы окуяда УКМК жооптуу. Эми жооп бериши керек. Жарандык коом, эл аралык уюмдар жыл сайын абакка кирип, ал жердеги шарттарды текшерип чыгат. Камакта жаткандар менен сүйлөшөт, арыз-муңун угат. Бир гана УКМКга кирүүгө уруксат бербей койгон. Анын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүм билемдик менен киргизген эмес. Ошонун жыйынтыгында азыркы окуя болуп жатат. Ошон үчүн Камчыбек Ташиев кызматын тапшырып бериш керек”.

Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. Ал арада Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Иш айыпталуучунун каза болуп калганына байланыштуу кыскарган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG