Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссия ишин улантууда


Маркум Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.
Маркум Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.

УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетектеп жаткан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, комиссияга кирген маркумдардын жакындары күч органдарынын өкүлдөрү менен бирге иштеп, материалдарды изилдеп жатышат.

Байсалов комиссиянын корутундусу жакынкы апталарда даярдалышы мүмкүн экенин кошумчалады.

56 жаштагы саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. 30-июнда каза болгонуна байланыштуу анын иши кыскартылганы кабарланган.

Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат 1ге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы айтылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG