Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

"Бир жарым жылда 2 млн. доллар таптык". Кыргызстандагы онлайн сооданын арышы


Кыргызстандагы бал жарманкелердин бири. Иллюстрация. Архив.
Кыргызстандагы бал жарманкелердин бири. Иллюстрация. Архив.

Кыргызстанда 53 кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнөн, андан тышкары 13 консультанттан турган пилоттук топ электрондук соода эрежеси тууралуу окуудан өттү. Эл аралык уюмдар менен кыргыз өкмөтү биргелешип ишке ашырып жаткан бул долбоор кыргыз өндүрүмдөрүн санарип аянтчаларга чыгарууга басым жасоодо.

"Эл аралык соода борбору" уюму менен Экономика жана коммерция министрлиги өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан Ready4Trade долбоору Евробиримдиктин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун максаты - кыргызстандык ишкерлерди онлайн платформаларда иштөө, төлөм жана логистикалык чынжырчаларга кошулуу, ошондой эле санарип маркетинг жүргүзүү ыкмаларына окутуу.

Чыңгыз Уметалиев 2019-жылы Honey Mount ишканасын түзүп, кыргыз балын жергиликтүү базарда сата баштаган. Электрондук коммерциянын ыкмаларын окуп-үйрөнө баштагандан бери товары эл аралык базарларда сатыла баштады.

Чыңгыз Уметалиев
Чыңгыз Уметалиев

"Биз дүкөн ачканда оффлайн иштейли дегенбиз. Бирок, Instagram, Google аккаунтту тууралагандан кийин онлайн кардар көбөйдү. Жеткирүү менен иштеп калдык. Былтыртан баштап Дубайга сата баштадык. Инстаграмда Дубайга таргет жарнама кылдык. Эми ал жактан да буйрутма берип жатышат. Биздин бал дүйнө жүзүнө караганда бир аз кымбатыраак, көлөмү азыраак болот. Ат-Башынын балы ак болуп жатпайбы, аны эндемикалык бал деп коёт. Ал башка жерде табылбайт, дүйнө жүзүндө үч-төрт жерде гана чыгарылат. Ошол балды биз Premium сегментке өткөрүп, банкасына, дизайнына абдан көп инвестиция салдык. Дүңүнөн сатканга эмес, белек катары сатуучу сегментке ылайыктадык. Мунун баарын ушул долбоордон үйрөндүк".

Долбоордун командасынын маалыматына ылайык, ушул программага кошулган бир жарым жыл ичинде 53 кичи ишкана электрондук платформаларда өз аянтчасын ачкан жана алардын онлайн-сатуу аркылуу жүргүзгөн соодасынын көлөмү 1 млн. 900 миң долларга жеткен.

Программанын бир катар катышуучулары учурда eBay жана Alibaba сыяктуу эл аралык маркетплейстерге чыгып, онлайн соода жүргүзүп жатышат.

Ready4Trade долбоорунун улуттук менежери Индира Кадырканова Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн анын экосистемасынын ар бир бөлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл экенин айтууда.

Индира Кадырканова
Индира Кадырканова

"Электрондук коммерциянын экосистемасы дагы башка тармактарды да камтыйт. Болжол менен айтканда Кыргызстанда ал 13-14 экосистемадан турат. Банк системасынан баштап, финтех, окутуу, логистика, транспорт, почта өңдүү узун чынжырчага куралат. Өлкөдө электрондук коммерция жакшы иштеши үчүн алардын ар биринде реформа жасоо зарыл. Керек болсо университеттер менен да иштеп, жаштарды атайын курстарда окутса болот. Биздин долбоордун колдоосу менен "Электрондук коммерцияны 2022-2027-жылдарга өнүктүрүү" программасы иштелип чыккан. Учурда бул документ президенттин администрациясында бекитүү алдында турат. Анда өкмөт ишке ашыра турган артыкчылыктуу иш-чаралар каралган".

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн зарыл укуктук талаа калыптанып баратканын билдирди.

Алмаз Исанов
Алмаз Исанов

"IT-адистердин жетишсиздиги, логистикалык чынжырчалардын жай өнүгүшү, мамлекеттик каржылык жана салыктык стимулдун жоктугу жана интернет ылдамдыгынын начардыгы өңдүү электрондук коммерциянын ылдам өнүгүүсүнө тоскоол болгон айрым жагдайлар бар. Мисал катары айтсам, учурда Кыргызстанда 200дөн ашуун интернет дүкөн бар, бирок товар сатып алууда төлөмдөрдүн 90% накталай жүргүзөт. Кыргызстандын географиялык жактан ыңгайлуу, калкынын саны аздыгы, чакан аймакта жайгашканы ири эл аралык маркетплейстерде электрондук коммерцияны өнүктүрүшүбүзгө артыкчылык берет".

Исановдун маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын калкынын 35% интернет менен камсыз болгон. Анын ичинен жогорку ылдамдыктагы интернетти 250 миң киши колдонот. Бул жалпы колдонуучулардын 11% түзөт. Интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө 166-орунда турат. Салыштырып караганда, бул тизмеде Казакстан 88, ал эми Орусия 53-орунду ээлейт.

2021-жылдын декабрь айында "Электрондук соода жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган. Документ 28-июнда күчүнө кирди. Ал онлайн режимде жүргүзүлгөн сооданын субъектилерин аныктап, эрежесин жөнгө салат.

2022-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Салык кодексинде да "электрондук соода" түшүнүгү камтылып, бул багыттагы жараянды салыктык жөнгө салуу каралган. Кодекске ылайык, электрондук соода менен алектенген ишкерлерге 2% салык чегерилет.

Мындан тышкары, "2022-2027-жылдарга карата Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү жөнүндө" программа иштелип чыккан. Ал өкмөт тарабынан азырынча бекитиле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG