Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Асанбаев жана Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия корутундусун чыгарды


Маркум Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.
Маркум Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.

УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген алдын-ала корутундусун чыгарган.

Расмий маалыматта, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, камакка алынгандардын өздүк иштери, көзөмөл камералардагы тасмалар менен таанышуу, коопсуздук кызматкерлери жана абактагы башка адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болгону айтылат. Комиссия 12 жолу отурум өткөрсө, анын беши УКМКнын Тергөө абагында, жети жолу өкмөттө болгон.

Комиссия өз корутундусунда мындай окуялар кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды сунуштаган.

Өкмөттүн маалыматында комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун: "Министрлер Кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот", - деген сөзү да келтирилген.

56 жаштагы саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. 30-июнда каза болгонуна байланыштуу анын иши кыскартылганы кабарланган.

Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат 1ге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы айтылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG