Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Трамптын резиденциясын тинтүү учурунда жашыруун документтер табылды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын Юстиция министрлиги өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамптын үйүн тинтүү учурунда табылган документтердин тизмесин жарыялады. 12-августта таратылган маалыматта экс-президенттин Флоридадагы резиденциясынан 11 комплект ар кыл даражадагы жашыруун грифти бар документтерди Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) агенттери алып кетишкени айтылат.

Алардын арасында Трамптын расмий кеңешчиси Рожер Стоунга ырайым берүү боюнча, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жөнүндө да документтер бар экени белгилүү болду. Мындан сырткары ФБРдин кызматкерлери экс-президенттин үйүнөн азырынча мазмуну белгисиз бир нече кутудагы документтерди алып кеткени кабарланды.

Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Дональд Трамптын Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында дүйшөмбүдө тинтүү жүргүзгөн. Бул тинтүү Тыңчылык жөнүндө акт жана башка бир нече жашыруун документтерди жөнгө салуу мыйзамдарын бузууга байланыштуу иликтөөнүн алкагында жүргөн.

2020-жылдын аягында президенттиктен кеткен Дональд Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти өздүк архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Бир нече убакыттан соң өлкөнүн Улуттук архиви жашыруун делген документтерди архивге өткөрүп берүүнү талап кылган. Бирок бул жараян абдан жай жүргөндүктөн, быйыл жыл башында Улуттук архив федералдык прокуратурага кайрылган болчу.

Дональд Трамп жана бир нече республикачыл саясатчылар экс-президенттин резиденциясынын тинтилишин сындап чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG