Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Укук коргоочу Камил Рузиев соттон акталды


Камил Рузиев сот залында.
Камил Рузиев сот залында.

Каракол шаардык соту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши боюнча актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу ушундай чечим чыгарылды.

Рузиевге буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышканын маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу боюнча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG