Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы ишке кирди


Асел Чынбаева.
Асел Чынбаева.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (балдар омбудсмени) Асел Чынбаева президент кол койгон, балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам боюнча пикирин билдирди. Ал “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде соттор балдарга зомбулук көрсөткөндөргө эми өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгара аларын айтты. Анын айтымында, мурда мындай кылмыш үчүн эң жогорку жаза 15 жылга кесүү болгон.

Чынбаева балдарга жасалган кылмыштарга жазада эч кандай жеңилдиктер берилбегенин белгилеген.

11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана эч кандай мунапыс берилбейт.

Жакында эле Кыргызстанда 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошкон. Президенттик администрация аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында Улуттук стратегия иштелип чыкканын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Андан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG