Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Нурсултан Назарбаев Казакстанда мечиттин ачылышына катышты


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы эң чоң деп саналган мечитти 12-августта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ачты. Informburo.kz сайтынын маалыматына караганда, мечит жайгашкан аймак 10 гектарды түзөт. Мечиттин ар биринин бийиктиги 130 метр болгон төрт мунарасы бар.

30 миңден ашык киши бата турган мечиттин курулушун 2019-жылдын март айында Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерине бир күн калганда баштаган. Экс-президент 12-августта мечит “жеке тараптардын жана инвесторлордун каражатына” курулганын айткан.

Анын ачылышына Назарбаевдин бир катар жакын адамдары, экс-премьер-министр Аскар Мамин, президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Куаныш Султанов, Жамбыл жана Алматы облустарынын мурдагы губернаторлору Бердибек Сапарбаев менен Амандык Баталов катышты.

Бул Назарбаевдин жыл башынан бери мурдагы саясатчылар менен болгон коомдук иш-чарага биринчи жолу чогуу чыгуусу. Апрель айында экс-президент борбордо ага арналган көргөзмөгө барып, жаш сүрөтчүлөр менен баарлашкан. Июнь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда добуш берип, шайлоо участкасынан эч нерсе дебей чыгып кеткен.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG