Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Орус аскерлери Горловка-Зайцев багытында “жарым-жартылай ийгиликке жетти”


Орусиянын аскери. Архивдик сүрөт.
Орусиянын аскери. Архивдик сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын аскерлери Донецк облусунун Горловка-Зайцев багытындагы чабуулунун жыйынтыгында “жарым-жартылай ийгиликке жеткенин” билдирди.

Маалыматка ылайык, Славянск, Краматорск, Бахмут, Авдеевка багытында орус аскерлери украин аскерлерине каршы артиллериялык жана чабуулдук аракеттерди улантууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кодемага жакын Бахмут багытында жана Пескиге жакын Авдеевкада согуш уланып жатканын билдирди. Маалыматта Харьков жана Южнобугский багытында орус аскерлери Коргоо күчтөрүнүн позицияларын жана жарандык инфраструктураны аткылап жатканы айтылат.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш маалында Орусия Луганскинин дээрлик бардык аймагын, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын бир катар аймактарын басып алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG