Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Нарын: Чырпыктыда алтын чайкоого каршылар митингге чыкты


Чырпыкты аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акциясына чыккандар. Нарын шаары, 12-август, 2022-жыл.
Чырпыкты аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акциясына чыккандар. Нарын шаары, 12-август, 2022-жыл.

Нарын шаарында 12-августта облустук администрациянын алдында Эки-Нарын айылынын жүздөй тургуну Чырпыкты аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акцияга чыкты. Митингге чыккандар менен президенттин облустагы өкүлү, аким жана айыл өкмөттүн башчысы жолукту жана бийлик өкүлдөрү бардык чечимдер мыйзамдын чегинде кабыл алынарын билдиришти.

Нааразылык акцияга чыккандардын бири Чынтемир Дүйшөналы уулу "Азаттыкка" айыл эли Чырпыктынын суусун ичкенге, сугатка пайдаланарын, эгер анын жээгинен алтын чайкоо башталса суу маселеси чыгып, айдоо аянттары жабыркарын, жаратылышка дагы кесепетин тийгизерин билдирди. Мындан улам жергиликтүү тургундар алтын чайкоого каршы турушарын айтты.

2020-жылы сентябрда ошол кездеги Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлиги Чырпыкты чачыранды алтын кени аукциондо сатылганын билдирген. Анда кендин баштапкы баасы 1950 доллар болгону, "Голд Контент" деп аталган компания 3200 доллар сунуштап жеңүүчү аталганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG