Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Октябрь окуяларына айыпталгандарды актаган сот чечими күчүнө кирди


Октябрь окуясына байланыштуу соттук отурум. 28-июнь, 2022.
Октябрь окуясына байланыштуу соттук отурум. 28-июнь, 2022.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун Октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган адамдарды актаган чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу кылмыш иши козголгондордун бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына "жалган жалаа жапкан тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор 271 күн камакта кармашты. Ар түркүн аракеттер болду, бирок сынган жокпуз, сынбайбыз! Саясий күрөштө колдоп турган саясатчыларга, ММК өкүлдөрүнө, активисттерге, жалпы элге терең ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды.

Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды "кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

Бул кылмыш ишинин алкагында жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин "Ала-Тоо" аянтына келгени, ал жерден калайман тоз-тополоң баштаганы белгиленген.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандыкка байланыштуу баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар бул кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG