Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Мектеп директорлорун тандоо: Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и тесттен өттү


Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.
Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.

Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 11-августта компьютердик тестирлөө өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, ага жалпысынан 220 адам катышып, 61и тесттен өттү.

Ушул эле күнү мындай сынак Баткенде дагы өткөрүлүп, анда 147 талапкердин 60ы керектүү балл топтой алды.

Аталган министрлик өткөн айда Талас облусунда мектеп директорлорун тандоого байланыштуу биринчи пилоттук сынак өткөргөн. Эки мектеп директорунун орду үчүн ат салышкан төрт талапкердин үчөө өтпөй калган.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Тармактык министрлик жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG