Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Бишкек: ок атылган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы ок атылып, бир адам жараат алган окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Милиция тараткан маалыматка ылайык, оң жак санына ок жаңылган адам тууралуу маалымат 7-августта түшкөн. Окуя болгон жерден бир тапанча менен ок табылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, кармоо иштери уланууда.

Мунун алдында шаардык ички иштер башкармалыгы май куюучу жайлардын биринде бир жарандын машинесин коркутуп тартып алууга шек саналган уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Милиция алар мурда дагы соттолгонун, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка кишилер изделип жатканын кабарлаган.

Июнь айында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканына байдланыштуу маселе көтөргөн. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, абак жайларын толук көзөмөлдөөгө өткөнү сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG