Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Навальный түрмөдөгүлөрдүн кесиптик кошуунун түзгөнүн жарыялады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түрмөдө отургандардын жана абак кызматкерлеринин кесиптик кошуунун түзгөнүн билдирди. Ал социалдык тармактар аркылуу "Промзона" деп аталган кесиптик кошуун негизделгени боюнча Федералдык жаза аткаруу кызматына жана колониянын башчысына маалымат жөнөтүлгөнүн кабарлады. Ошол эле маалда кесиптик кошуунда азырынча өзүнөн башка эч ким жок экенин, соттологондор чочулап жатышканын, мындай кооптонуу негиздүү экенин белгиледи.

Ал өткөн айда коррупцияга каршы жаңы фонд негиздегенин жарыялаган.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG