Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Онкология борбору: дарыгерлер блогерден улам бийликке даттанышты


Онкология жана гемотология улуттук борборунун имараты.
Онкология жана гемотология улуттук борборунун имараты.

Бишкектеги Онкология жана гемотология улуттук борборунун бир катар дарыгерлери блогер Улукбек Карыбек уулу боюнча арызданып, президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилерине, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышты. Анда Карыбек уулу бир канча күндөн бери аталган ооруканага келип, дарыгерлердин ишине тоскоол кылганын айтышкан. Видео кайрылууда блогер "бир тараптуу маалымат таратып, негизсиз каралап жатканын" билдиришкен. Мындан улам анын иш-аракетине укуктук баа берүүнү суранышкан.

Улукбек Карыбек уулу мындай дооматтарды четке кагып жатат. Ал социалдык тармактагы баракчалары аркылуу тараткан билдирүүсүндө аталган медициналык жайдагы коррупция тууралуу маалыматтарды териштирип, иликтөө үчүн барганын айткан.

Бийлик өкүлдөрү дарыгерлердин кайрылуусуна байланыштуу азырынча комментарий бере элек

Буга чейин Карыбек уулу бир катар ооруканаларга кирип барып, ал жактан түз эфир форматында социалдык тармактарга видео материалдарды чыгарган. Өткөн айда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун иш бөлмөсүнө ал жыйын өтүп жаткан маалда уруксатсыз кирип барганы тууралуу маалымат чыккан.

Мындан улам ушул айдын башында жарандык активист Бермет Барктабасова Карыбек уулунун видео сюжеттери тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттарын каршы арыздарды караган комиссияга арыз жазган. Анда "журналисттин жүрүм-туруму, сюжетти даярдоодогу аракеттери дарыгерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына эбегейсиз зыян жана шек келтирген", - деп белгиленген.

Комиссия бул арыз кезектеги жыйында караларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG