Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам күчүнө кирди


Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча кезектеги акция. Бишкек, Кыргызстан. 8-июль, 2022-жыл.
Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча кезектеги акция. Бишкек, Кыргызстан. 8-июль, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана эч кандай мунапыс берилбейт.

Президенттик администрация мындай чара балдарды коргоо жаатындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагындагы мыйзам экенин белгилейт.

Жакында эле Кыргызстанда 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошкон. Президенттик администрация аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында Улуттук стратегия иштелип чыкканын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Андан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG