Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Адвокаттар Атамбаевдин Орусияга барып дарыланышына уруксат сурады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны дарылануу үчүн Орусияга жиберүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдоду.

Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаров “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Атамбаевдин жакындарынын суранычы менен Орусиядагы ооруканалардын биринен мурдагы президентти дарылоо жөнүндө маалымкат келген. Ал документ өтүнүчкө тиркелген.

ЖАМК жактоочулардын өтүнүчү тууралуу маалыматты тактай турганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин четиндеги "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” билим берүү мекемелеринин түркиялык он демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иштери боюнча алгач айыпталып, кийин соттун чечими менен акталган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG