Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Кымбат баалуу машинени күчтөп тартып алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Окуянын видеосунан алынган сүрөт. Видеону милиция тараткан.
Окуянын видеосунан алынган сүрөт. Видеону милиция тараткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаар тургунунун машинесин коркутуп тартып алууга шектелгенуюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдады. Милициянын маалыматында шектүүлөр мурда соттолгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кишилер изделүүдө.

4-августта 102 кызматына шаар тургундарынын бири май куюучу жайдан бир нече бейтааныш киши күч колдонуп, бычак менен коркутуп Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү машинесин тартып алышканын айтып арыз жазган. Машине ээсине кайтарылып берилди.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар. Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин айтып, аларга каршы катуу күрөш жүргүзүлөрүн айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG