Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Согушка баруудан баш тарткан орус аскери кыйноого кабылганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

The Insider басылмасы Украинадагы согушка баруудан баш тартканы үчүн Луганск облусунда жер төлөгө камалып, кыйноого кабылган орус аскеринин окуясын жарыялады.

Макалада аты аталбаган жоокердин айтымында, анын жанында согушка баруудан баш тарткан дагы он адам болгон. Алардын баарын жер төлөдө тамак-ашсыз, суусуз кармап, дааратканага барууга да уруксат беришкен эмес. Адегенде “убактылуу кармоочу жайга которобуз” деп коркуткан. Кийин “атып салабыз” деп ур-токмокко алышкан. Акыры баарын тең согушка барууга мажбур кылышкан.

Аскер кызматкеринин айтымында, согушка катышуудан баш тарткандарды Нечипоренко деген полковник тергеген. Жоокерлерди беткапчан адамдар сабап, алардын бири “57-бригададан” экенин айткан.

The Insider басылмасына маек берген жоокер согушта башынан жаракат алып, Орусияга кайтып барганын, эми Тергөө комитетине арыз жазууга камынып жатканын билдирген.

Июль айынын соңунда Луганск облусунун Брянск шаарынын аймагында Украинада согушуудан баш тарткан орусиялык жоокерлер мыйзамсыз кармалганы тууралуу маалымат тараган. Ага ылайык, аларды жер төлөдө “ЧВК Вагнер” жеке аскердик тобунун жалданмалары кайтарып турушат.

“Коммерсантъ” басылмасы Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусияда 40тан ашык ар кандай аталыштагы батальон түзүлгөнүн жазган.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG