Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Кыргызстан быйыл Жапонияга 400 тонна бал жөнөтөт


Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт.
Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт.

Жапониянын Токио шаарында Кыргызстандан быйыл 400 тонна бал алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

"10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен жыйынында Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин көмөгү менен атайын келишимге кол коюлду. Келишим "Sojitz" соода компаниясынын катышуусу менен "Japan style" жана "Yamada Bee Company Group" ишканаларынын ортосунда түзүлдү. Документке ылайык, бал бир нече этап менен жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы арада" экспорттолот",-деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы 43,4 тонна бал Жапонияга экспорттолгон. Ал эми экспорттун көлөмү 2020-жылы 15,7 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2018-жылы 8,3 тоннаны түзгөн.

Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Адистер өлкөнүн 100 миң тоннага чейин бал өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет.

Учурда расмий каттоодон өткөн 900дөй балчы бар. Өз алдынча иштегендерди кошкондо 4 миңге жакын экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG