Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Бажы кызматкерлери аттестациядан өттү


Бажы кызматы коррупцияга байланыштуу дооматтардан арыла элек.
Бажы кызматы коррупцияга байланыштуу дооматтардан арыла элек.

Мамлекеттик бажы кызматы бул мекемеде иштеген 406 адамдын ээлеген жумуш ордуна ылайык келерин аныктоо максатында аттестация өткөрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, 234 адам аттестациядан өткөн. Дагы 94үнө ээлеген кызматынан жогорулатуу сунушу берилген. Ал эми 64 кызматкерди кайра аттестациядан өткөрүү, алты адамды жумушунан төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Сынактан алты адам өтпөй калып, аларды иштен кетирүү сунушу берилген.

Бажы тармагы коррупцияга байланыштуу сын-дооматтан арыла элек. Буга чейин мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө, паракорчулукка айыпталып бул мекеменени жетекчилери, кызматкерлери кармалып, кылмыш иштери козголгон.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда бажы кызматынын башчылары бир канча жолу алмашты. Жетекчилеринин бири Адилет Кубанычбеков эки айдай гана иштеп, коррупциялык схема түзгөн деп камалып, 51 миллион сом мамлекетке кайтарып үй камагына чыккан.

XS
SM
MD
LG