Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Латвиянын парламенти Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныды


Латвиянын парламенти.
Латвиянын парламенти.

Латвиянын парламенти Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" катары тааныды. Мындай чечим 11-августта Сеймдин (ред: парламент) жыйынында кабыл алынды. Билдирүүдө Орусия Украинанын аймагындагы карапайым калкка атайын чабуул жасап жатканы айтылат. Delfi агенттиги токтомду 67 депутат колдоп, 16 депутат добуш бербегенин жазды.

Латвиянын депутаттары Евробиримдиктин өлкөлөрүн Орусия менен Беларустун жарандарына туристтик жана уюмга мүчө мамлекеттерге кирүү үчүн виза берүүнү токтууга чакырды. Латвия августтун башында эле орус жарандарына виза бербей калган.

Евробиримдикке Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу 10-августта расмий киргизилген.

Европа Биримдиги 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине берген соңку маегинде Батыш өлкөлөрүн Орусиянын бардык жарандарын өз аймагына киргизүүгө тыюу салууга чакырды. Украин бийлиги эл аралык коомчулукту “Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таанууга” үндөп келет.

Кремль орусиялыктарга Батыш өлкөлөрүнө барууга тыюу салуу чакырыктары үчүн европалык лидерлерди жана украин президентин сындады.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG