Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Еврошаркет орус жарандарына эшигин жабабы?


Латвия менен Орусиянын чек арасы.
Латвия менен Орусиянын чек арасы.

Кремль орусиялыктарга Батыш өлкөлөрүнө барууга тыюу салуу чакырыктары үчүн европалык лидерлерди жана украин президентин сындады. Еврошаркеттин бир катар өлкөлөрүндө Орусиянын жарандарына виза бербөө ыктымалдыгы талкууланып жатат.

Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүн орус жарандарын өз аймактарына киргизбөөгө үндөгөн. The Washington Post гезитине берген интервьюда, буга чейинки санкцияларга караганда орус жарандары үчүн чек араларды жабуу жана орус мунай-газына эмбарго киргизүү эффективдүүрөк болмок деген пикирин ортого салды.

Эртеси Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай "рационалдуу эмес" сунуштарга терс мамиле гана кылса болорун билдирди.

"Европалык өлкөлөр өздөрү айткандай Орусияны жазалайбыз деп зыянга учурап жатканын Зеленский деле түшүнүшү керек. Ал өлкөлөр, алардын жарандары андай чаралардын азабын тартып жатат. Бүгүн болбосо да бир күнү алар Зеленский каалаган нерселерди жасайбыз деп өз жарандарыбызга жүк келтирүү канчалык туура деген суроо сала баштайт".

Москва Украинага кол салып, Батыш менен мамилелери чыңалгандан бери президент Путин жана башка жогорку расмий адамдар “орустарга каршы маанайдын” өсүшүнө даттанып келүүдө.

Песков “Орусияны жана орусиялыктарды обочодо калтыруу аракеттеринен майнап чыкпайт” деп эскертти.

Орусия менен Эстония чек арасы. Архивдик сүрөт
Орусия менен Эстония чек арасы. Архивдик сүрөт

Еврошаркеттин бир катар өлкөлөрүндө Орусиянын жарандарына виза бербөө ыктымалдыгы талкууланып жатат. Мындай демилгени Эстония, Латвия жана Финляндия көтөрдү.

26-февралда биримдик Орусия менен жеңилдетилген виза режими убактылуу күчүн жоготконун билдирген. Ошол эле маалда Еврокомиссия орус жарандарына таптакыр виза бербөө шаркеттин нормаларына каршы келерин айтууда.

Бир нече өлкө, арасында Латвия, Эстония, Болгария, Чехия, Бельгия, Норвегия, Кипр жана башкалар орустарга туристтик виза берүүнү токтоткон же чектеген.

8-августта Финляндиянын премьер-министри Санна Марин жергиликтүү YLE телеканалына курган маегинде:

“Орусия Европада агрессивдүү, ырайымсыз согуш жүргүзүп жатканда орустардын эч нерсе болбогондой Европада турист болуп саякаттап жүрүшү туура эмес”,- деп айткан.

Анын артынан Эстониянын өкмөт башчысы Кая Каллас дагы “орусиялыктарга туристтик виза берүүнү токтотууга” чакырды.

“Европага саякаттоо – адам укугу эмес, бул артыкчылык. Орусиядан аба каттамдар токтогон. Шенген өлкөлөрү виза берип жаткан чакта орусиялыктар чыга алган Финляндия, Эстония жана Латвияга күч келүүдө. Орусиядан туризмге азыр чекит коюу зарыл”, - деп жазды премьер Твиттерге.

Ошол эле маалда мындай чектөөлөр Путин жана Кремлдин аракеттерине каршы болгон адамдарга залакасын тийгизерин эскертип, камтама болгондор жок эмес.

Ал арада Франция орус жарандарына Париждин четиндеги Chateau de Vincennes деген тарыхый жайга кирүүгө тыюу салып, муну ал жерде француз куралдуу күчтөрүнүн архиви жайгашканы менен түшүндүрдү.

Тбилиси. 2-март, 2022-жыл.
Тбилиси. 2-март, 2022-жыл.

Өткөн аптанын соңунда Грузиядагы оппозициячыл партиялар Орусиянын жана Беларустун жарандарына виза режимин киргизүүнү сунуш кылышкан. Бирок өкмөт азырынча бул демилгени четке кагып, мындай кадам Орусияга согуш ачууга барабар деп билдирди.

Ал арада Грузиядагы айрым тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар орус жарандарын киргизбей жатышат деген маалымат тарап жатат. Согуш башталгандан бери орус жарандары сырт жактарга, анын ичинде Грузия, Армения, Казакстанга агылган.

Украинанын өзүндө салгылашуулар уланууда. 9-августта британ Коргоо министрлиги орус армиясы акыркы бир айда 10 километр гана алдыга жыла алганын, Украинанын түштүгүндө “коргонуу позицияларын күчтөндүрүү” менен катар Донецк облусунда чабуулдарын улантып жатканын билдирди.

Эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда Европадагы эң чоң Запорожье атомдук станциясы кала берүүдө.

Запорожье Атомдук станциясы. Архивдик сүрөт.
Запорожье Атомдук станциясы. Архивдик сүрөт.

Украинанын “Энергоатом” компаниясынын жетекчиси Петр Котин апаатка жеткирбөө үчүн АЭСти кармаштардан эркин зона деп жарыялоого үндөдү.

"Кырдаал өтө опурталдуу. Эсиңерде болсо ушундай абалга Чернобыль атомдук станциясында туш болгонбуз. Бирок бул жерде чоң айырма бар - алты энергоблоктун бардыгы өзөктүк заттарга толтурулган. Иштетилген өзөктүк отун сакталган бассейндер дар бар. Алардын бардыгын электр энергия менен иштеген насостор такай муздатып турууга тийиш".

Тараптар бир нече күндөн бери АЭСти аткылады деп бири-бирин айыптап келатышат. Запорожье станциясын орус күчтөрү согуш башталгандан кийин өз көзөмөлүнө алганы менен аны украиналык адистер иштетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG