Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Коопсуз коридор: дан жүктөгөн кеме Одессадан чыкты


Razoni кемеси. Одесса, 1-август 2022-жыл
Razoni кемеси. Одесса, 1-август 2022-жыл

Одесса шаарынан дан жүктөлгөн алгачкы кеме жолго чыкты. Орусия басып киргенден бери украин порттору блоктолуп, Африка менен Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылыкка туш болот деген кооптонуу пайда болгон эле. Стамбул келишиминде Украинадагы бир нече порттон дан азыктарды чыгаруу үчүн коопсуз коридор түзүү каралган.

1-августта Сьерра-Леоне мамлекетинин желеги астындагы Razoni кемеси Одессадан чыгып Ливандын Триполи портуна бет алды. 26 миң тонна жүгөрү тартып бараткан кеме БУУ жана Түркия белгилеген коопсуз коридор менен жол жүрмөкчү.

“Орусиянын агрессиясы башталгандан бери дан ташыган биринчи кеме порттон чыкты. Өнөктөш өлкөлөрдүн жана Улуттар Уюмунун колдоосу менен Стамбулда кол коюлган келишимди ишке ашыра алдык. Азык-түлүк коопсуздугунун гарантынын бири болуу биз үчүн маанилүү”, - деп жазды Твиттерге Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков.

Ал согуш башталгандан бери Одесса портунда 16 кеме камалып калганын кошумчалады.

Буудай жүктөлгөн Navi-Star кемеси Одесса портунда. 29-июль, 2022-жыл.
Буудай жүктөлгөн Navi-Star кемеси Одесса портунда. 29-июль, 2022-жыл.

Украин бийлигинин буга чейинки маалыматына караганда, 20 тонна былтыркы түшүм экспорттолбой турат.

Жергиликтүү дыйкандар буудайдын баасы арзандап кеткенине кабатыр. Алардын бири Днепропетровск облусунда жашаган Виталий Кистрица:

"Быйыл жакшы түшүм алдык. Бирок буудайды сата келгенде салык, айдоо аянттарынын ижарасын, башка чыгымдарды төлөшүбүз керек. Сентябрда эмки жылдын айдап-себүү иштерин баштоого убакыт келди. Быйылкы түшүмдү сатмайынча, ал ишке кирише албайбыз. Биздин дан согушка чейинкиден 2-3 эсе арзандап кетти. Рыноктогу атаандаштыкка туруштук бере алгыдай бааны сунуш кылууга чамабыз жетпейт. Себеби өндүрүшкө кеткен чыгымды жаба албайбыз. Базардын мындай шартына көнгөн эмеспиз. Ошон үчүн келечекте кымбатыраак сатабыз деген үмүт менен кампаларды куруудабыз. Буга чейин биздин данды импорттогон өлкөлөргө үмүт артабыз. Алардын колдоосуна ишенебиз. Азыр иштегенге абдан оор болуп калды, бардыгыбыз моралдык жактан чарчап-чаалыгып калдык".

Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы, Азия жана Африкадагы дос мамлекеттер жеңилдей түшкөнүн, Украина дайыма ишеничтүү өнөктөш болуп келгенин жана кала берерин, Орусия келишимди аткарууга тийиш экенин” билдирди.

Харьковдогу айыл-чарба талаасы. 30-июль 2022-жыл
Харьковдогу айыл-чарба талаасы. 30-июль 2022-жыл

Украина - азык-түлүктүн дүйнөдөгү ири экспортеру. Дүйнө базарында сатылган күнкарама майынын 42 пайызы, жүгөрүнүн 16 жана буудайдын 6 пайызы ушу тапта согуш баскан өлкөгө туура келет.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын айтымында, Razoni кемеси Стамбулга 2-августта келип, текшерүүдөн өтмөкчү. Бул үчүн бир нече күн мурун биргелешкен координациялык борбор ачылган.

Киев азык-түлүктүн экспортуна мүмкүнчүлүк бербей жатат деп Москваны айыптаган. Орусия болсо кемелер украин миналарынан улам чыга албай жатканын айтып актанууда. БУУ өз кезегинде Африка жана Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылыкка туш болушу мүмкүн деп эскерткен эле.

Украина менен Орусия 22-июлда Стамбулда БУУ жана Түркия менен өз өзүнчө кол койгон келишимге ылайык, Одесса, Черноморск жана Южный портторунан дан азыктарды чыгаруу үчүн коопсуз коридор түзүү каралган.

Арпа, буудайды жүктөөгө Украина, БУУ жана Түркиянын өкүлдөрү көз салмакчы. Кемелерди украин флоту коштоп жүрөт. Орусия Украинага келген бош кемелер Батыштын курал-жарагын ташып келиши ыктымал деп кооптонгондуктан, Түркиянын деңиз күчтөрү аларды текшерип турат.

Документке кол коюлгандын эртеси Одесса орус армиясынын аткылоосуна туш болгон.

Ал арада дүйшөмбүгө караган түнү Николаев шаары кайрадан соккуларга кабылды. Мэр Александр Сенкевич жаңы травмпункттун имараты урап калганын, бир нече медициналык жайдын терезелери күбүлүп түшкөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, эч ким жабыркаган жок.

Дем алышта Кара деңизге жакын жайгашкан Николаев согуш башталгандан бери эң интенсивдүү аткылоого туш болгону маалымдалган. 31-июлда дүрмөттөрдүн бири "Нибулон" айыл чарба компаниясынын негиздөөчүсү жана эң бай украиналыктардын бири Алексей Вадатурскийдин үйүнө тийгенде ишкер жана жубайы каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG