Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Дүйнөдө буудайдын баасы кескин кымбаттады


Орус армиясы Украинанын Одесса портуна сокку ургандан кийин дүйнөдө буудайдын баасы кескин кымбаттады.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 25-июлда билдиргендей, орус күчтөрү «Калибр» деген эки ракета менен Одесса портундагы «аскердик обьектилерди» аткылашкан, бирок ал чабуул буудай келишимине кедергисин тийгизбейт.

«Бул буудай жүктөөнүн башталышына таасир этпеши керек жана эте албайт»,-деди Песков журналисттерге.

Расмий Киев белгилегендей, ал жакта эч кандай аскердик обьект болгон эмес жана ракета порттогу насостук станцияга тийген.

Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен согуш башталгандан бери токтоп турган буудай экспортун жандантуу тууралуу келишимге Орусия менен Украина 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Ага ылайык, күнүнө Украинанын үч портунан беш миллион тоннадан буудай экспорттосо болот. Келишимдин мөөнөтү 120 күн деп белгиленген.

Анткен менен 25-июлда Чикаго биржасында буудайдын баасы төрт пайызга көтөрүлүп, бир бушелдин (Англиялык ченем бирдиги, бир бушель үч чакага барабар) баасы 7, 86 долларга жетти.

Украина буудай, жүгөрү жана күн карама майынын экспорту боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Орусия буудайды экспортоочу жолдорду согуш башталгандан кийин бууп салган. Натыйжада 20 миллион тоннадай украин буудайы сыртка чыгарылбай калган.

Орусия Украинага кол салганына беш ай болду

Орусия Украинага кол салганына туура беш ай болду. Орус күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында шаарларды аткылоону улантып жатышат. Ошол эле маалда эксперттер орус армиясына аскерлер жетишпей, техникасы көп жабыркаганын айтышууда.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников 25-июлда билдиргендей, украин күчтөрү америкалык жогорку мобилдүү HIMARS системалары менен орус армиясынын курал-жабдык сактаган 50 кампасын жок кылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Хмельницкий облусундагы HIMARS cистемасына керектелчү курал-жабдык сакталган кампаны жок кылышканын 25-июлда билдирди. Эки тараптын тең билдирүүсүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Мурдараак дагы Орусия Америка Украинага берген HIMARS системаларынын бир нечесин жок кылганын билдирген, бирок Киев бул маалыматты четке каккан.

Резников ошондой эле Германия Украинага Cheetah деген үч зениттик-ракеталык комплекс жөнөткөнүн кошумчалады.

Британиянын Коргоо министрлиги күнүмдүк отчетунда Херсон облусунда жана өлкө чыгышында натыйжасыз кармаштар уланып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, аскерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, орус командачылыгы чыгышта чабуулду күчөтүүнү же батыш фронтто коргонууну бекемдөөнү билбей жатат.

Ошондой эле британ чалгын кызматы Орусиянын Белгород облусундагы аскердик техниканы оңдоп-түздөгөн база аныкташкан. Ал жакта 300дөй жабыркаган техника, анын ичинде танктар болгону белгиленген. Белгород облусу Украина менен чектеш аймакта жайгашкан.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, 24-июлда орус аскерлери Углегорскидеги электрстанцияны өз көзөмөлүнө алуу аракетин улантышты. Ал стратегиялык обьект Донецкиден 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Душман өзүнүн жеке курамын жоготуп жатса да, Углегорск электростанциясын өз көзмөлүнө алуу аракетин көрүп жатат»,- деп жазылат билдирүүдө.

Ала арада Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин «Российская газета» басылмасына берген комментарийинде Москва 92 украин жоокерине адамзатка каршы кылмышка барган деген айып такканын билдирди.

Киев өз иликтөөсүн жүргүзүп келет. Украин бийлиги согуш башталганы орус жоокерлери жасады делген 21 миңдей согуш кылмыштарын иликтеп жатканын жарыялаган.

Орусия ар кандай далилдерге карабастан, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип, карапайым адамдардын өлүмү тууралуу дооматтарды четке кагып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG